www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкы (АӨБ) «Алматы-Ысык-Көл» альтернативдүү жолунун курулушунун долбоорун колдойт.

Бул тууралуу 13-ноярда министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев менен Азия өнүктүрүү банкынын Кыргызстандагы туруктуу өкүлчүлүгүнүн директору Лао-Арайя Канопкандын жолугушуусу учурунда белгилүү болду. Сүйлөшүү маалында бул долбоорду мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн алкагында илгерилетүү жана техникалык, каржы, экономикалык маселелери талкууланды.

Аалиев долбоор чоң мааниге ээ экенин айтып, банктын өкүлдөрүнө колдоосу үчүн ыраазычылык билдирди.

«Долбоор өлкөнүн туристтик, транспорттук жана соода-сатык потенциалына оң таасирин тийгизет. Министрлер кабинети долбоорду ишке ашыруу үчүн болгон жардамын берет», — деди Аалиев.

Министрлер кабинети Алматы менен Ысык-Көлдү бириктирген альтернативдүү жол убакыт жана жол акысын үнөмдөп, каттамдардын көбөйүшүнө шарт түзөрүн белгилейт.

Кыргызстан менен Казакстан «Алматы-Чолпон-Ата» трассасын куруу боюнча биринчи жолу 2015-жылы макулдашкан. Анда жол салынса, эки өлкөнүн аралыгы 250 чакырым болору, казакстандыктар Ысык-Көлгө 2,5 саатта жетери айтылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости