www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Караганда облусунда абакта отурган кылмышкер уурулар үйдүн ичинен акчаны кантип издей турганын айтып бергенин Жаза аткаруу кызматына шилтеме берип Sputnik Казакстан агенттиги жазды.

Соттолгон кишинин айтымында, уурулардын басымдуу бөлүгү тоноо үчүн барганда ошол үйдөгүлөрдүн тааныш-билиштеринен алган маалыматты пайдаланат. Андыктан үй-бүлө мүчөлөрүнөн башкаларга баалуу буюм же акчалар кайсы жерде экенин айтпай эле койгон туура. Ошондой эле мүлк сатып же башка булактардан ири суммадагы акча келгени тууралуу ооз ачпаш керек.

Ошондой эле кылмышкер уурдап жүргөн "тажрыйбасына таянып", адатта баалуу буюмдар кайсы жерлерге катыларын жана кылмыш кылууга канча убакыт кетерин да айтып берген.

Кылмышкерлер үйгө байкатпай акырын кирерин, эки бөлмө батирдеги баалуу буюмдарды "шыпырып" кетиш үчүн болгону жети мүнөткө чукул убакыт кетерин айткан.

"Зер буюмдарды анча ката беришпейт. Алар тартмаларда, күзгүнүн жанындагы кутучаларда болот. Ал эми акчаны матрацтын астына, кийимдердин арасына, эски курткалардын чөнтөгүнө, муздаткычка, кээде балдардын оюнчуктарынын арасына коюп коюшат. Айрым учурда гүл отургузган же таштанды челектеринин алдынан дагы табылат", — деген ал.

Сөзүнүн аягында соттолуучу ири суммадагы акчаны банкка сактоо керек деген пикирин айткан. Анткени үйдөгү сейфтерди ачып алуунун да жолдору көп.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости