www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азия өнүктүрүү банкы Кыргызстанга насыя жана грант түрүндө 50 миллион доллар бөлүп берүү тууралуу чечим кабыл алды. 

Акча кыргыз өкмөтүнө коронавирустун элдин ден соолугуна кам көрүү аракетине, социалдык жана экономикалык маселелерди чечүүсүнө жардам иретинде берилип жатканы маалымдалды.

Банктын «Активдүү көңүл буруу жана чыгымдарды колдоо» (CARES) программасынын алкагында бул каражат пандемиянын жайылышын ооздуктоо, социалдык жактан муктаждарды коргоо, чакан жана орто бизнеске, өндүрүшкө жардам берүү боюнча чукул чараларды колдоого жумшалышы керек болот.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости