www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-прокурор Сыймык Жапыкеев сотко берем деген Роза Амановага жооп кылып, билдирүү жазып чыкты
Анын билдирүүсү төмөндө өзгөртүүсүз берилет:
“Достор, жеп жутарлар бейиштей өлкөбүздү бүлдүрдү. Биз бирге туралык, кара пиар башталды. Карандай калпты согуп башташты.
Чын жүрөктөн айтам: Мен эч кимдим кишиси же марионетка эмесмин. Акчага сатылбайбыз, чын. 30 жылдан бери уктап жатабыз, уурулар уурдашты, банкирлер процент менен муунту. Качанкыга чейин коррупционерлер талтаңдашат?
Роза Аманова сотко берем дейт, ал кандайча берет? Сөз К.Жумалиев туурасында болуп жатат. Роза Аманованын концерти бутту.
Ушинтип Кыргызстанды тонотуп сотко бердиртип, жооп берип отура беребизби?
По существу: Урматтуу кыргыз журту, Генпрокурордон талап кылалык К.Жумалиев камалсын. Кылмыш жоопкерчилигине тартылсын.
Суроо: Эл күчтүүбү же Жумалиев күчтүүбү? Сотко берсе сотунан коркпойбуз.
Эл 30 жылда бир туруп койчу маал келди. Фейсбук отряд чогулсак жетет. Баары мыйзам чегинде болсун. Достор эгерде Жумалиевди каматсак утуш бизде, баарын кустуруш керек”,-деп Сыймык Жапыкеев жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg