www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеӊеште “Токтогул ГЭСин реабилитациялоо. Фаза-3» долбоору боюнча каржылоо жөнүндөгү макулдашуу каралды.

Токтогул ГЭСин калыбына келтирүү 3 фазадан турат. Ушу тапта ынын 1- жана 2-фазасы Азия өнүктүрүү банкы менен Евразия өнүктүрүү банкынын каржылык колдоосунда ишке ашырылууда. 3-фазада калган эки турбоагрегатты алмаштыруу каралган. Ар бир агрегаттын кубаттуулугу 60 МВт чейин жогорулайт. Ал үчүн болжол менен 175 млн доллар көлөмүндө каражат талап кылынат.

Аталган макулдашуунун алкагында Азия өнүктүрүү банкы 50 млн доллар өлчөмүндөгү гранттык жана 60 млн доллар өлчөмүндөгү насыялык каражат бөлдү.

Насыя каражаты «Электр станциялары» ишканасына кайра насыяга бериле тургандыктан, бюджетке кошумча күч келтирбейт. Мында акча каражаттарын кайтаруу – кубаттуулукту көбөйтүүнүн жана электрэнергияны кошумча иштеп чыгаруунун эсебинен ишке ашырылат.

Улуттук энергохолдингдин маалыматы боюнча, бул багытта 1,7 млрд доллар жумшалганы, анын ичинде 1,3 млрд доллар гранттык каражат болуп санала турганы, Ал эми Токтогул ГЭСинин үч фазасы үчүн баш-аягы 487 млн доллар жумшалары белгилүү болду.

Белгилей кетсек, Токтогул ГЭСи 1975-жылы пайдаланууга берилген. Кубаттуулугу - 1200 МВт. Бүткүл өлкөнүн орточо иштеп чыгарган электрэнергиясынын 40 пайызы ага тийиштүү. Анын шаймандары жедеп эскирип калгандыктан, толугу менен алмаштырууга муктаж экендигин билдирди ЖК Басма сөз кызматы.

Булак: "NazarNews"

Последние новости