www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Атам миңдеген кыргыздардын турак жайлуу болушуна себепкерлердин бири болгон. Мындай пикирди белгилүү коомдук ишмер, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы маркум Жыпар Жекшеевдин уулу журналист Азият Жекшеев айтты.  

--"Атам быйыл 74 жашка толмок. Жетимдердин мектебинде билим алып ата-энеси жокторго, муктаждарга кайдыгер болбогонду үйрөттү.

Өмүр бою саясатта жүрсө да жан дүйнөсү сүрөтчү, жазуучу жана бир катар ырлардын автору болуп бизди чыгармачылыкка жакын тарбиялады. Арабызда бүгүн сүрөтчү дагы, мыкты уста, журналисти дагы бар. Муну менен жан дүйнөң дайыма таза болсун деп үйрөттү.

Миңдеген кыргыздардын турак жайлуу болушуна себепкерлердин бири болду. Эскерүүлөргө кайрылсам өзүнүн тилкесин көп балалуу үй-бүлөгө берип салып бизди берешендикке, камкордукка үйрөттү.

Байлыктын аркасынан умтулбай элдин батасына умтулуп бизди шүгүрчүлүккө, элибизге кызмат кылууга үйрөттү.

Акыркы күндөрүн дагы, өзү катуу ооруп, дем жетпей жатса да эл кыйналып кетти, илдет жоголсо экен деп бизди сыздатып кетти. Бирок бул сөздөрү дагы тарбия болуп калды.

Айта берсем бизге калтырган накыл сөздөрү, тарбиясы түгөнгүс. Жазылбаса да биз үчүн кийинкиге жеткирүү милдети калды", - дейт уулу Азият Жекшеев. 

Кошумчалай кетсек, Белгилүү коомдук ишмер, КТРКнын Байкоочу кеңешинин мурдагы төрагасы Жыпар Жекшеев COVID-19 илдетинен каза болгон. 

Кечээ, 27-майда Жыпар Жешеевдин жаркын элесине арналган эскерүү конференциясы болуп, анын "Атуулдук ар-намы ойгонгондо" деген китебинин бет ачаары өткөн.

Жыпар Жекшеев 1947-жылы 26-майда Ысык-Көл облусуна караштуу Түп районундагы Талды-Суу кыштагында туулган. 

Ал 1971-жылы Чуйков атындагы көркөм сүрөт окуу жайын, 1988-жылы Мамлекеттик көркөм өнөр институтун аяктаган. 1999-жылы Жусуп Баласагын атындагы Кыргыз улуттук университетинде укук адистиги боюнча магистратураны аяктаган.

1989-жылы жайында Кыргызстандагы туңгуч демократиячыл уюмдардын бири болгон “Ашар” козголушунун аткаруу комитетинин төрагасы болуп шайланган. 1990-жылы май айында ал “Кыргызстан” демократиялык кыймылынын беш теңтөрагасынын бири болуп шайланган. Кыргызстандын эгемендик алуу үчүн күрөшүнө салымы чоң. 

2017-2019-жылдары ал КТРКнын Байкоочу Кеңешинин мүчөсү жана төрагасы болуп иштеп, кийин өз ыктыяры менен жумуштан кеткен. Жекшеев Кыргызстандын "Кайра куруулар" доорунан берки коомдук-саясий турмушуна, “Ашар” менен КДКнын тарыхына байланыштуу кыргыз жана орус тилдеринде 3 китеп, 100дөн ашуун ар кыл публицисттик макалалар жарыялаган.

Ал Кыргызстандын “Даңк” медалы, “Манас-1000” эстелик медалы, Казакстандын Ардак грамотасы менен сыйланган.

Жыпар Жекшеевдин артында жубайы, эки кыз, төрт уулу калган. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости