www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жаныбек Абировго кылмыш иши козголду

Башкы прокуратура Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы Жаныбек Абировго карата кылмыш ишин козгоду. Бул тууралуу ведомствонун маалымат кызматынан билдиришти.

Көзөмөл органы Бишкек мэриясы менен шаардык кызматтарда коррупцияга каршы мыйзамдын канчалык деңгээлде аткарылып жатканын текшерүү маалында бир катар мыйзам бузууларды аныктаган.

«Шаардын прогноздолгон бюджети жасалма жол менен көбөйтүлүп, айрым кызматкерлердин айлыгы жогорулатылган. Мисалы, өзгөчө жоопкерчиликтүү жана маанилүү кызматтарга теңөө жолу менен Бишкек шаардык кеңешинин төрагасы жана шаар мэринин айлыктары 120 миң жана 150 миң сомго жеткирилген. Мунун аркасынан 2019-жылдан 2021-жылдын биринчи кварталына чейин мамлекетке 214 581 700 сом сом зыян келтирилген», — деп айтылат билдирүүдө.

Ошондой эле, прокуратура бюджет долбоорун шаардык кеңештин төрагасы Жаныбек Абиров бекитип жаткан учурда мыйзамсыз айлык төлөнүп жаткандыгы боюнча маселе талкуусуз калтырылган деп эсептейт.

Аталган факты боюнча Башкы прокуратура Абировго жана башка кызмат адамдарына карата материалдар чогултулуп, КР Жазык кодексинин 320-беренесине («Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу») ылайык Кылмыш жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости