www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Капыстан эле Жогорку Кеңештин жыйындар залында Алмазбек Атамбаев пайда болуп, трибунага чыгып келет. Депутаттар нес болуп таңыркап карап калышат.

-Биринчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - менин бийлигим мыйзамдуу деп табылсын.

Залда отурган депутаттар шатырата кол чаап жиберишет.

-Экинчи маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - СДПК партиясынын мүчөлөрү, бүгүндөн баштап баш кошолу.

Залда дүркүрөгөн кол чабуулар.

-Үчүнчү маселе, - дейт Алмазбек Атамбаев, - кээ бир адамдардын камалышын талап кылам!

-Тим эле койбойсузбу, Алмазбек Шаршенович? - дейт спикер Дастан Жумабеков жыпылдап.

-Биринчи, экинчи маселеге каршы жок турбайбы, - деп сүйүнүп кетиптир Алмазбек Атамбаев.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости