www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өзбекстандык ММА мушкери Бекзод Нурматов 4-октябрда Грозный шаарында өткөн Absolute Championship Akhmat 100 турниринде орусиялык мушкер Беслан Исаев менен беттешкенден кийин каза болуп калды. Бул тууралуу орусиялык басылмалар өзбек мушкеринин жакындарына шилтеме берип жазып чыгышты.

Маалыматка караганда, 5 мүнөттүк 3 раунддун жыйынтыгында Исаев жеңишке жетишкен.

Бекзод Нурматов беттештен кийин инсульт болуп, комага түшүп калган. 7-октябрга караган түнү каза болгон. Анын денесин мекенине бүгүн, 8-октябрда жөнөтүү каралып жатат, ушул эле күнү жерге берилмекчи.

Нурматов 27 жашта, карьерасында 13 беттеш өткөрүп, анын 11инде жеңишке жетишсе, экөөсүндө жеңилген.

Эске салсак, ушул эле турнирде "Тайсон" каймана аты бар кыргыз мушкери Келдибеков 61 килограмм салмакта орусиялык мушкер Дукваха Астамиров менен беттеш өткөргөн. 5 мүнөттүк 3 раунддук беттеште Келдибеков жеңүүчү деп табылган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости