www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Эмдөөнүн алдында ичимдиктен, чылымдан алыс болгон жакшы. Бул тууралуу Республикалык эмдөө борборунун дарыгери Азим Кыргызбаев билдирди. 

--"Азыр" менин чаңга аллергиям бар" деп далай киши эмдөөдөн оолактап жатат. Мисалы, чаңга менин да аллергиям бар. Теректер бүрдөп, гүлдөр өсө баштагандан тарта аллергия болом. Бирок, дары-дармекке аллергиям жок. Ошондуктан бул экөө эки башка деп мен өзүм да вируска каршы эмдөөдөн өттүм. Негизи эле турмушта ичкилик ичпеген, чылым чекпеген оң. Колдон келсе такыр эле мындан алыс болсок.

Эмдөөгө келе турган болгон соң ичпей, толук бойдон таза келсин. Керек болсо ошол күнү чылым чекпей туруп келсе дейм. Себеби, эмдөөгө чейин тамеки чексе ал кан басымды өзгөртөт. Анан эмдөөнүн алдында ченегенде чыныгы көрсөткүч так чыкпай калышы толук ыктымал", - дейт Азим Кыргызбаев. 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости