www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Аксы окуясы" дегенде Аксы ыйы..., жерин берген улут кайгысы эске түшөт...”, - деди бүгүн, 16-мартта NazarNews.kg  маалымат агенттигине Азимбек Бекназаров.

- Азимбек Анаркулович, "Аксы окуясы" дегенде эсиңизге эмне түшөт?

- Аксы окуясы дегенде Аксы ыйы..., жерин берген улут кайгысы эске түшөт...

-Аксы окуясын сиздин жеке трагедия катары көргөндөр да бар. Аксы окуясы жеке сиздин трагедиябы же улуттун трагедиясыбы?

- Түшүнгөн, билимдүү адамга, бул улуттун трагедиясы, өз жерин бөтөн элге бергенге каршы чыккандарды камап, аттырткан... Түшүнбөгөн түркөйлөргө бул жеке Бекназаровдун трагедиясы, «жер саткан» президентке импичмент жарыялайм»- деп, өз жактоочуларын аттырып алган...

- Элиңиз сизди колдогон үчүн митингге, жөө жүрүштөргө чыкканбы же Кыргыздын жери кертилип кетип атканына кейип чыгышканбы?

- Менин бул маселени көтөрүп жатканым боюнча активдүү шайлоочуларым билген. Мен алар менен 2001-жылкы жайкы каникулда жолукканымда айткам. Алар туура кыласың, артка кайтпа дешкен. Алар мени да, кыргыз жерин да коргоп чыгышкан.

- Өзбекстан менен чектеш жашаган үчүн Аксылыктар жердин баркын билип, сиз көтөргөн маселени жиреп, чоң күчкө айланышканбы же алар табиятынан патриотпу?

- Өзү парламентте мен Аксыдагы чек ара, айлампа жолдор боюнча маселе көтөрүп жатып, Аламанов деген адистин менин берген суроомо:  « ... биз бир- эки жылдан бери Кыргыз-Кытай чек арасы боюнча демаркация иштери менен алекпиз...»- деген сөзүнөн улам, Үзөнгү- Кууш жана башка жер тилкелери Кытайга жашыруун кетип жатканы билинип, анан депутаттык иликтөөдө, баары ачыкка чыккан. Болбосо жашыруун бойдон калмак... Аксы эли кылымдар бою жер, мекен үчүн өзгөчө турган эл болот, ал тарыхта белгилүү...

- Аксы окуясы сизди патриот, улутчул саясатчы катары тааныттыбы?

- Аксы окуясы бир эле мени эмес, бир топ солчул саясатчыларды, мисалы коммунисттерди, социал-демократтарды батышчыл, либерал болушуп бараткан багыттан, мекенчилдик багытка өзгөрттү. Аксы окуясынан кийин жүздөгөн жаш мекенчил саясатчылар пайда болду. Ага чейин кыргыз саясатчылары негизинен эскилер-коммунисттер, жаңылар-демократтар болуп бөлүнүшкөн. Мына азыр Аксы окуясында таасирленген көптөгөн мекенчилдер бийликке келип, батышчыл-либералдардын ичи туз куйгандай ачышып турган мезгил. Улутчул-мекенчил болуш сыймык, улутчулдук кылуу кылмыш. Ушул эки нерсени көптөгөн саясатчыларыбыз ажырата алышпайт...

Булак: NazarNews.kg

Последние новости