www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кытайга бир эле Үзөңгү-Кууш кеткен эмес, Хан-Теңгринин чокусунан, Сары-Жаз жана Какшаал суу бассейндеринен жерлер кеткен», - деди бүгүн, 17-мартта, NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Азимбек Анаркулович, Аксы окуясына быйыл туура 20 жыл болуптур. Эмне үчүн сиз камалганда аксылыктар катуу турду? Кыргызстандын тарыхында Аксы окуясы ордун таптыбы? 

- Аксылыктар жана аларды, мени колдогондор «Кыргыз-Кытай чек арасы 1996-1998-жылдары бийлик тарабынан жашыруун каралып, кылымдардан бери кыргыз жери катары сакталып келген жерлерибиздин тымызын Кытайларга берилип кеткенин мен 2001-жылы жайында парламентте ачыкка чыгарып, Акаевге импичмент жарыялагам. Ушул маселени көтөрүп, мыйзамсыз камалганымды туура түшүнгөн үчүн аксылыктар бийликке каршы чыгып, бекем турушту. Анткени, аксылыктар табиятынан адилеттүүлүктү сүйгөн эл. Ошон үчүн аксылыктар жана Аксы окуясы Кыргызстанда бекем орноп жаткан үй-бүлөлүк башкарууга алгач жана биротоло сокку берген, тарыхтын нугун бурган факты катары 20 жылдан бери эскерилип келет. Саясый, тарыхый баасы келечекте дагы берилет!

- Ошол кездеги бийлик катачылыгы үчүн кандайдыр бир жазасын алдыбы?

- Ошол кетирген катасы үчүн бийлик, элдин, тарыхтын каргышында калып, «качкын» деген баасын алды да.

- Ошол кезде дүйнө коомчулугу Аксы окуясын кандай баалады эле?

- Аксылыктардын күрөшү адилеттүү күрөш экенин биринчи күндөн эле дүйнөлүк коомчулук билип, оң баалап көз салып турган.

- Аксы окуясы сиздин тарыхыңызда кандай роль ойноду?

- Эки жактуу: Биринчиси, менин мыйзамсыз камалышым менен кайгылуу тарыхый окуя болуп, бул менин айыкпас ооруума айланды. Бул ооруу менин өмүрүм менен бир кетет. Саясый оппоненттерим ар дайым айтып жүргөндөй «өз элин аттырып алган канкор» саясатчы аталып, көп жерде өзүмдү кем сезем. Экинчиси: мен депутаттык ыйык милдетимди жеке кызыкчылык үчүн эмес, (бийлик же байлык талашып) кыргыздын жеринин бүтүндүгү үчүн так, Кыргызстандын кызыкчылыгында аткарганым, аксылыктардын күрөшү оң жаагына бааланып, шейит болгондор баатыр катары тарыхтан бааланууда. Андан берки бардык бийлик аны тааныды. Аксы окуясы көптөгөн «уктап» жаткан элдин аң сезимин ойготту. Жыйынтыгы мекенчилдердин көбөйүшүнө жол салды бул мени сооротуп келет!

- Аксы окуясы эл күткөндөй укуктук, юридикалык баасын алалдыбы? Аксылыктарга коюлган орунсуз дооматтарды жокко чыгара алдыңызбы?

- Аксы окуясы өтө кыйынчылык же менин тынбай, талыкпай он жылдап жүргүзгөн мээнетимдин натыйжасында саясый жактан өзүнүн оң баасын алды. Укуктук жактан да эл күткөндөй баа болбосо да өз убагында эмес, кеч болсо да мыйзамдын талабына ылайык өз баасын алды. Эл тарабынан эч ким соттолгон жок. Башында аксылыктарга, башкаларга каршы ондогон кылмыш иштер козголгон да. Кийин алардын баары жабылды.

«Аксылыктарды мас болуп, милиция кызматкерлерине таш, таяк, ок атуучу курал менен кол салышты… Бири-бирин атып алышты… Лом, арматура менен сайышты… Өздөрүн-өздөрү таяк, таш менен урду» ж. б.у. с. чындыкка дал келбеген бийликтин маалымат согушу, аксылыктар моргдон тартып алышкан видеокассета менен жокко чыгарылды. Маалымат согушунда да бийлик аксылыктардан жеңилгенин мойнуна алды. Ушулардын баарын далилдеш үчүн аябагандай мээнет кетти.

Аягында Аскар Акаев, Курманбек Бакиевдердин кол тийбестиктери, экс-президент статустары Убактылуу Өкмөттүн декрети менен расмий алынды. К.Бакиев, Ч.Абышкаев, Б.Жанузаков, З.Кудайбергенов сыяктуулар жазасын алышса, айрымдарын үстүнөн козголгон кылмыш иштери өлгөндүгүнө байланыштуу кыскартылды (А.Карыпкулов). Айрымдар сот тарабынан акталышты (К.Салиев., Ш.Осмонов, Калбаев, Ракишев ж. б. ) .

- Эмне үчүн Аксы окуясында ок атылган? Элди тартуунун андан башка жолу жок беле?

- А.Акаев туура айтат. Баары чын. Ок атуу Акаевдин үй-бүлөлүк бийлигин сактоо үчүн болгон.

- Бийликтин өз элине аткан огу Кыргызстандагы кийинки окуяларга сабак боло алдыбы?

- Кандайдыр бир деңгээлде сабак болууда. Мисалы, укук коргоо органдарынын кызматкерлери 2010-2020-жылдары элге каршы ок атуудан баш тартышкан учурлары көп болгонун билесиңер.

- Аксы окуясында каза болгондордун эстелигин Аксыга барган сайын көрөсүз. Каза болгондордун тууган-уругуна жолугасыз. Аларды көргөндө оюңузга эмне келет?

- Эки жылдан бери шартка жараша баралбай калдым. Бирок мен кайсы жерде жүрбөйүн, ошол мени коргоп чыгышкан миңдеген эл менен биргемин. Ооба алардын айрымдары көз жумушту, айрымдары айыкпас оор оорууга чалдыкты… Айрымдары жесир, жетим калышты… Булар орду толгус азап кайгылар… Алардын айрымдары «ушул адам болбогондо» - деген ойдо экенин жолуккан сайын көздөрүнөн көрөм, жүрөгүм менен сезем. Ошон үчүн айттым да «Аксы трагедиясы менин өмүрүмдөгү айыкпас ооруу, ал мен өлгөндө гана мени таштайт» - деп.

- Эмнеге ошол мезгилде жөө жүрүшкө чыккан элди укук коргоо органдары ат менен, ит менен кууп, ок атышкан? Бакиев отпускада жүргөнүнө карабай эмне үчүн «Тайфун» операциясына кол койгон?

- «Тайфун», «Буран» операциясынын талабы ошондой болгон. Бардык бийлик комендант К.Садиев менен облпрокурор З. Кудайбергеновго берилген. Бул операцияларды тынч элге колдонуу үчүн президент Акаев өзү кол коюш керек эле. Бирок, анын «өзгөчө» жакындары аны сактап калуу үчүн атайылап отпускада жүргөн өкмөт башчы Бакиевди чакырып, президенттин ордуна ага кол койдурушкан.

Себеби, 2002-жылдын 11-14-марттарында Токтогулда болгон сотто, миңдеген аксылыктар, ОБСЕнин, башка эл аралык уюмдардын өкүлдөрү «Азаттык» жана башка ММКнын журналисттери, укук коргоочулар, А.Масалиев баш болгон ондогон депутаттар, сотто менин үстүмдөн токуган бийликтин кылмыш иши кыйраганын, «Азаттык» радиосу айткандай «Бийлик Бекназаровду эмес, Бекназаров бийликти соттогону билинип», Аксыда эл мурдагыдан да катуу көтөрүлгөн. Эки жарым ай мамлекеттик машина менен аксылыктар бетме-бет туруп күрөшүп, бийликтин «Тайфун» менен «Буранды» аларга каршы колдонгондон башка жолу жок эле.

- Үзөңгү-Кууш бир эле аксылыктарга керек беле? Же сиз камалып калган үчүн аксылыктар сизди коргоо үчүн чыкканбы?

- Кытайга бир эле Үзөңгү- Кууш кеткен эмес, Хан-Тенгринин чокусунан, Сары-Жаз жана Какшаал суу бассейндеринен жерлер кеткен. Үзөңгү-Кууш кийинки кошумча протокол менен бөлүнгөн. Мунун баары элден жашыруун болгон үчүн башында көпчүлүк эл түшүнгөн эмес. Кезектеги бир ууч оппозициянын чыры катары кабыл алынган.

Себеби, бийлик күнү-түнү КТР жана мамлекеттик маалымат каражаттарынан Нышанбек Кочкоров сыяктуулар, аттуу-баштуу дүжүрлөрү аркылуу ошентип түшүндүргөн. Ал эми аксылыктар мен алардын депутаты болгонум үчүн иштин жайын түздөн-түз өзүмдөн угуп, мага ишенишкен жана өз депутатын коргоп чыгышкан.

Себеби, аксылыктардын депутаты А. Бекназаров «президент болом» же башка бийлик, байлык үчүн Акаев менен күрөшпөгөн, ал кыргыз жери үчүн күрөшкөн!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости