www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Као Лисиен - Орусияга каршы АКШ санкция киргизүү менен Кытайга каршы аракет көрүп жатканын, эгер бул ишке ашса катуу чаралар көрүлөөрүн билдирди. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары маалымдайт.

Катчы Као Лисиендин билдирүүсүндө, эгер АКШ Орусияга каршы санкцияларын уланта берсе, Кытай олуттуу кесепеттерге дуушар болот.

Ошондой эле, АКШнын мындай мамилеси кансыз согуш стилиндеги тирешүүнүн логикасын жана маселелерди күч менен чечүү түшүнүгүн чагылдырат деп ырастаган Као Лисиен: "Бир жагынан санкция жарыялап, экинчи жагынан Кытайдын колдоосун жана кызматташуусун талап кылуу эч нерсеге алып келбейт. Биз Кытайдын мыйзамдуу укуктарына жана талаптарына эч кандай зыян келтирбөөгө Кошмо Штаттарды чакырабыз. Эгер АКШ муну талап кылса, Кытай албетте, катуу чараларды көрөт", - деп билдирди.

Алардын айтымында, Кытайдын аракеттерин басынткан, анын ниетин бурмалаган жана Кытайды каралоого аракет кылган ар кандай жалган маалымат берүү аракети жоопкерчиликсиз жана этикага туура келбейт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости