www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Экс-президент Алмазбек Атамбаевдин убагындагы бир “сырдуу” жагдайды көпчүлүк байкабай калгандай болгон. Кандай жагдай дейсизби? Эсиңиздерде болсо керек, 2016-жылы бир нече саясатчылар “Бийликти басып алууну пландаган” деген айып менен камалган.

Мисалы, Бекболот Талгарбеков, Бектур Асанов, Кубанычбек Кадыров, Эрнест Карыбеков жана башкалар. Булардын айрымдарынын “бийликти басып алуу” боюнча сүйлөшүүлөрүнүн аудиожазмасы интернет булактарына тараган. Бирок, ошолор менен чогуу эле ушундай сүйлөшүүлөргө катышкан Азимбек Бекназаровду эмнегедир А. Атамбаевдин бийлиги камаган эмес. Болбосо, ошол айып тагылып, камакка алынгандардын көпчүлүгү А. Бекназаровдун кеңсесинде отуруп бийликти басып алууну пландагандар болгон. Азимбек мырза өзү да ал сүйлөшүүлөргө катышкан.

Бирок, анын кылы да кыйшайган жок. Ошол убакта эле ошол кеңседеги сүйлөшүүлөрдүн аудиожазуусун ким жаздырган деген суроо жаралган. Баары камалып, Азимбек мырзанын эле эркиндикте калышы да көп суроолорду жаратып, шектенүүлөрдү пайда кылган. Андан сырткары Азимбек мырза анда-санда А. Атамбаевди да катуураак сындагансып койчу. Анда деле кылы кыйшайган жок. Эч ким аны куугунтуктаган жок. Эми болсо ал экс-ИИМ министри М. Конгантиевге карата 2010-жылы козголгон кылмыш ишинин токтотулушун мыйзамсыз кадам деп билдирип чыкты.

“Бул чечим боюнча президент С. Жээнбеков өз пикирин билдириши керек” деди ал. Ушундан улам суроо жаралат, А. Бекназаров эмнеге А. Атамбаевдин убагында “М. Конгантиевге козголгон иш боюнча неге тергөө жүрбөй жатат?” деп сураган эмес? 2010-жылдан бери 8 жыл убакыт өтпөдүбү?

Айтор, А. Бекназаров М. Мискенбаевдин бир аз акылдуурагы болуп тургансыйт. Анын АША менен дос экенин элдин баары билет. Анан досу бийликтен кеткнеден кийин жанында жалгыз эле М. Мискенбаев калганына ичи ачыштыбы же АШАнын акчасына азгырылдыбы, айтор анын камчысын чаап аткандай болууда.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости