www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2-май күнү, “Достук” мейманканасында Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдиги –КУМКБ тарабынан түзүлгөн Туруктуу Элдик Кеңештин-ТЭКтин алгачкы отуруму болуп өттү.  ТЭКтин Жобосу, башкаруу структурасы такталып,  төрагасы болуп “Эл үнү” кыймылынын төрагасы Азимбек Бекназаров дайындалды.  

-Азимбек Анаркулович айтсаңыз, өз сөзүңүздө “бул Курултайдын демилгесин көтөрүп чыгуу 2 революция кылгандан кыйыныраак”, деп айттыңыз? Чын эле оор ишти мойнуңузга алып алган жоксузбу? Оор жумушту мойнуңузга алып, көч башына туруп алган жоксузбу?

-Чындыгында оор иш. Биз мурун эки революциянын жолу менен эки президентти алмаштырганбыз. Экинчисинде президент менен бийликти алмаштырып болгону Парламенттик башкарууну алып келдик. Тилекке каршы революция өзүнүн максатына жетпей калды. Көрсө, биз эки нерсени унутуп коёт экенбиз. Акыры 3-4 жылдан бери безилдеп айтып келе жатам. Ар бир Кыргызстандын жаранын жан-дүйнөсүнө өзгөртүү киргизе алган жокпуз. . Мына ошол кыргыз улутунун жан-дүйнөсүн өзгөртүш керек. Адамдын жан дүйнөсүн өзгөртүш керек экен.  Мисалы, Кыргызстанда кыргыз мамлекетинде, кыргыз улуту эң кор болгон улут экен. Кыргыз элинин жан-дүйнөсүн өзгөртөм дегенде кайсы идея менен өзгөртүш керек. Азыр президент болом дегендер көбөйүп, алды пиар компаниясын баштаса, арты чарчап калды. Менин өкүнгөнүм, мындай элди байкап карасаң, “ким акча көп берсе, ошону шайлай беребиз” деп калышкан. Мына ошол эле элдин жан дүйнөсү өзгөрбөй, жарым күндүк оокатка берилип кетип атышат. Ошондуктан мына биздин курултайдын максаты баарыбыз бир идеяга бириксек, өзүбүздүн мамлекетибиздин ээси болобуз, биз өзүбүз шайлаган бийликтин ээси болобуз, ошондо гана мамлекеттик бийликтен жоопкерчиликти ала алабыз.  

Тилекке каршы мурунку Жогорку Кеңеште президент жыл сайын отчет берчи эле, азыр ал көрүнүш түп тамыры менен жок болуп кетти. Бийлик элге отчет бергенден коркуп, депутаттар шайлаган шайлоочулардан коркуп калды. Депутаттар бара албайт. Себеби алар шайлоо учурунда шайлоочуларга көп убадаларды берип алат дагы анан 5 жыл жоголуп кетет. Так ошондой системаны жарандар өздөрү орнотуп койду. Мисалы азыркы депутаттар элге да барбайт, убада дагы бербейт, партиянын лидерине 500 миңди же млндорду берип коет анан эле “алтын депутат” болуп олтура берет. Жоопкерчилик жок. Ага эч ким тийе албайт, ал тургай  креслосунан жылдыра дагы албайт. Ал эми жалындуу сүйлөп кичине активдүү депутаттарды эптеп арызын жаздырып чыгарып Жогорку Кеңештен чыгарып жиберет. Калгандары Жогорку Кеңеште олтура берет.  Мына ошондуктан адамдардын Мекенге болгон жан дүйнөсү менен патриоттук сезимин ойготушубуз керекпи? Жан дүйнөнүн жардысы жаман. Идеяларды ишке ашыруу өтө кыйын, керек болсо мындай Курултайдын талабы керек ар бир кыргыз менен иштешүүгө алып келип, талыкпас эмгекти талап кылат.

-Бая, “кыргыз кор болуп атат” дедиңиз?

-Атамбаевдын акыркы күндөрүндөгү катачылыгы. Кыргыздын “кыргыз” деп бир жерде гана жазганга укугу бар болчу. Паспортунда гана. Тилекке каршы, “кыргыз” деп жазбайсың” деди да ошону да алып койду. Ошол кыргыз, “паспортумдагы “кыргыз” деген сөздү эмнеге алып койдуң”, деп чыга алабы? Мен сени шайлаганмын, сен мага отчет беришиң керек?- деп айта алабы? –Албетты мындай ачуу чындыкты айтуу өтө кыйын нерсе. 2-3 революция кылыш оңой. Бирок элдин жан-дүйнөсүн алмаштыруу үчүн  чоң күч, майтарылбас муун керек. Же болбосо бир муунду алмаштыра турган мамлекеттик деңгээлдеги саясат керек. А бирок чогулган эл жан-дүйнөнү өзгөртүп, карарып бараткан кайгылуу жан дүйнөбүздү өзгөртө же агарта алабызбы? Ачыгын айтышыбыз керек, алыбызга карата ышкырып атабыз. Бүгүнкү көтөрүлгөн демилгени алып чыгуу, элге сиңирүү өтө кыйын, абдан оор.

Сиз айткан суроого жооп бере турган болсом, Кыргызстандагы улуттук-мекенчил күчтөрдүн биримдигинин төрагасына көптөгөн саясатчылардын суранычы менен макул болдум. Экинчи жагынан алганда экинчи революциянын максаттары ишке ашпай калгандыктан мага бул мага чоң өксүк. Бул нерсе абдан мага өксүк.  Себеби, ушул үчүн балдар өлдү беле? Ушул нерсе үчүн революция кылдык беле? – деген суроолор акыркы күндөрү жүрөгүмдү өйкөй турган болуп алды. Дагы бир нерсени тактай кетейин  бул курултайдын максаты , “Атамбаев кетсин” эмес, “Атамбаев кел сүйлөшөлү” деген ураан менен кетип атабыз. Атамбаев менен маңдай-тескей олтуруп алып, “экөөбүз тең жоопкерчиликти тарталы, экөөбүз тең  баарын чечели. “Сен айттың баарын мен кылдым” деп, мен айтайын “болуптур сен өзүң жалгыз революцияны кылдың, ошол жалгыз кылганың чын болсо убадаларыңды ишке ашыр, биз сага жардам берели” деп айтып, элдин келечегине жарасын деген жакшылыктар менен  алдыга кадам таштадык.

-Рахмат

Булак: NazarNews.kg

Последние новости