www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кумтөрдөгү коррупциялык кылмыш эбак эле ачылып, аны кийинки президенттер «сатылып» жашырып келишкен!», - деди бүгүн, 2-июнда NazarNews маалымат агенттигине Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров.

- Азимбек Анаркулович, Кумтөр кени боюнча депутаттар, мурунку премьер-министрлер камакка алына баштады. Эми Давыдов жана Лысый мөңгүлөрүн да талкалоого добуш берген депутаттар жана ошол кездеги бийликте тургандар да жооп бериши керекпи?

- Кумтөр алтын кени боюнча кылмыш 1992- жылы башталган. Башкы күнөөкөрлөр экс-президенттер. Ал эми алардын Өкмөт башчылары же ошондон берки мурдагы премьер- министрлер ошол кылмыштын аткаруучулары болушат. Албетте, мөңгүлөрдү талкалоого мыйзам жазышкандар, аны парламенттен кабыл алынышына чоң салым кошушкан депутаттар, айрыкча фракция, комитет башчылары, сөзсүз өкмөт башчылары сыяктуу эле жооп бериши керек деп ойлойм. Себеби, баары бир адамдын, президенттин жана Кумтөрдү иштетишкен чет элдиктердин эркин аткарып жүрүшкөн...

- Камоолор башталганы камакка алынгандардын тарапташтары «саясий куугунтук» дей башташты. Чын эле Асылбек Жээнбеков менен Төрөбай Зулпукаров саясий куугунтукка кабылдыбы?

- Албетте «тарапташтарды» туура түшүнүү керек. Бирок, Кумтөрдү алтын кенин, анын айланасындагы мөңгүлөрдү, жаратылышты тонотуп, талкалап, уулап жатасыңар деп нечен митинг- курултайларды өткөрүп биз деле президенттерге чейин такай айтып келбедикпи?! Мен ойлойм азыр камалгандарды коргоп жалпы эл чыкпайт! Көпчүлүк эл азыркы бийликтен кыргыздын байлыгы менен жаратылышын талкалап келгендерди Акаевден тартып баарын камагыла» - деп талап кылып келген.

Кумтөр алтын кени боюнча жоопко тартууда тергөө калыс, толук, ар тараптуу, ар кимисинин жасаган аракетине жараша жүргүзүлсө, камалгандардын туугандары да туура түшүнөт. Бирок, азыркы бийлик деле мурдагыдай эле тандалма, кош стандарттуу. Акаевчи, Бакиевчилерге тийбей, Атамбаевчилер андан беркилер менен чектелишсе, албетте нааразылык өзүнөн өзү жаралат. Ал эми «акчага чыккандар», ушуну саясатка айландыргандар, алар кыргыздын душмандары, саткындар деп эсептейм! Себеби, Кумтөр алтын кени жалпы элдин ырыскысы болгон!

- Бабановдун, Абылгазиевдин камалышы Кумтөрдөгү коррупциянын ачылышына шарт түзөбү?

- Өмүрбек Бабанов, Мухаммедкалый Абылгазиевдер болгону Кумтөрдөгү кылмыштардын Атамбаев менен Жээнбековдун мезгилиндеги гана аткаруучулары! Кумтөрдөгү коррупциялык кылмыш эбак эле ачылган, аны улам кийинки президенттер «сатылып» жашырып келишкен! Ошон үчүн айтып жатам, тергөө толук жүргүзүлөбү же азыркы бийликтин «душмандары» менен чектелеби деп!

- Камоолордун жыйынтыгы бийлик алмаштыруу менен коштолуп кетпейби?

- Тергөө калыс, ар тараптуу, тандалма жол менен, же коомчулуктун көзүн боё үчүн эле «камамыш, тергемиш» болсо, арты соодалашуу менен бүтсө, анда ар нерсе болуп кетиши мүмкүн!

- Баса, Кумтөрдөн стипендия алып, алардын таламын талашып сүйлөп жүргөндөр да жоопко тартылышы керекпи?

- Кумтөрдөн стипендия алып алардын ырын ырдап келишкен, жүрүшкөн саясатчылар, өмүр бою Кумтөр үчүн добуш беришкен депутаттар  эле эмес, айрым ММКлар, айрым журналисттер да жоопко тартылса, же аттары ачыкка чыгарылса жакшы болмок. Себеби эл күткөн тазалануу, люстрация дегенди эл чындап туймак!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости