www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Белгилүү журналист, юрист, публицист, акын Жээнбеков Бабырбек Субановичтен ажыраганыбызга үч жылга болду. Маркум журналистти Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров төмөнкүчө эскерди.
--«Бабырбек аке, өз муундаш замандаштарындай эле, көз карандысыз жаңы Кыргызстандын түптөлүшүнө салым кошсом дегенде ичкен ашын жерге койгон амбициялуу мекенчил инсан болгон. Ал аны саясатчылыкка караганда, 4-бийлик ээси болгон журналистик кесип менен жүргүздү. Аны өзүнүн шакирттеринин «Устат, биз сизди унутпайбыз…»-деген демилге менен эскерип жатканы далилдеп турат. Арийне азыр кыргыздарда билсе билбесе деле, бирөөнүн кемчилигин айтуу, жазуу, издөө кадыресе өнөргө айланып баратат.
Ал эми бирөөнүн жакшылыгын, кылган эмгегин айтуу, ал өлгөндө гана айтылчу нерседей калыптанууда. Бабырбек аке, нечендеген кыргыз тилдүү гезиттерди ачып, анын тайманбаган журналисттери аркылуу Кыргызстанда сөз, ой пикиринин эркиндигин орнотууга чоң салым кошкондордун бири. Бабыкемден таалим-тарбия алган, жардамын көрүшкөн ондогон 4-бийликтин ээлери, азыр да өз кесиптеринин чыныгы ээлери. Убагында бийликке оппозиция болгон саясатчылардын өзү эмес, сөзүн эч жерден чыгарбоо саясаттары жүргүзүлгөн мезгилдерде, биз эркин саясатчылар Бабырбек акенин далай жардамын көргөнбүз. Анын бири 2013-жылы “Кумтөр” алтын кени боюнча Кыргызстандын кызыкчылыгы тепселген келишимдерди денонсациялоо боюнча элдик демилге менен мыйзам долбоорун даярдап, ал боюнча кол топтоо иштерин жүргүзүүдө, Бабырбек аке мыйзамдолбоорун гезиттерине бекер жарыялап, өзү да бизди колдоп, ошонун кесепетинен бийликтин бир топ запкысын тарткан.
Бабырбек аке бу дүйнө менен коштошордун алдында, ал жаткан ооруканага барганымда, ал жакында бул жалгандан түбөлүк көз жумаарына көзү жетип калган экен, мага карап: «Азимбек көп жылдан бери жүргүзүп келген күрөшүңдүн аягына чык, токтобо, мынабу үкөлөрүңдү өзүң менен кошо алып жүр» - деп мени менен келген уулу Равшанды жана Айбекти (Бузурманкулов) мага тапшыргандай ишараат кылды эле… Бүгүн Кумтөрдүн өзүбүзгө кайтарылышына, мурдагы бардык келишимдердин денонсация болгону жатканына Бабыкемдин кылган эмгеги ат көтөргүс, муну эл билүү керек жана айта жүрүүсү милдет. Бабырбек аке, кээде башка партиянын мүчөсү экенине карабай, негизинен үч маселеде:- чек ара, кен-байлыктар жана үй-бүлөлүк башкаруу маселелеринде, бийлик менен келишпес бизге «радикалдарга» кошулуп кетип же гезитинен орун бере коюп да, партия ээлеринин жемесинде нечен жолу калган. 2008-жылдын ноябрь айында биз Кыргызстан элдик революция кыймылынын мүчөлөрү, Талас шаарындагы борбордук стадиондо Бакиевдик кландык бийликке каршы элдик курултай өткөрүп, биринчи жолу курултайда «Бакиев кетсин» деген чечим алынган. Ошондо Бабыкем “Ата Мекен” партиясынын мүчөсү катары, ошол курултайга катышканы үчүн, «шефтеринен» катуу сөз укканын бизге айтып катуу капаланганы азыр да көз алдымда. Оома- төкмө дүйнө деген ушул… Убагында мага окшоп, айтар сөзүн элге жеткире албай карайлап, Бабыкемдин жардамын көрбөгөн саясатчылар Кыргызстанда дээрлик жокко эседир… Бали, рахмат , бар болгула, бир болгула урматтуу Бабыкемдин шакирттери! «Атам өлсө да, атамды көргөндөр өлбөсүн» - деген ушул эмеспи, сиздер Устазыңарды эскерсеңер, сиздерди да жараткан жалгыз мындай жакшылыктан четте калтырбайт, - деди Азимбек Бекназаров.
Булак: NazarNews.kg