www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

-Таалай эже, Бабырбек байкенин да жарыкчылык жашоо менен коштошконуна 2 жылдан ашып кетиптир. Түшүңүзгө киреби?

- Түшүмө кирет. Мурдагыдай эле жылмайып, эч нерсе болбогондой болуп кирет. Түшүмө киргенде аз да болсо сагынычым таркай түшөт. Бирок, анын бул дүйнөдө жок экенин эстегенде шабайым сууп калат. Бабырбек экөөбүз  26 жыл чогуу жашаптырбыз. Бирок, бир да жолу Таалай деп атымдан айткан жок. “Кемпиш” деп эркелеткен бойдон  кетти. Өлөөрүндө дагы “кемпиш” деп колумду кармап, “ыраазымын сага” деди. Мен Бабырбекти өлбөйт деп ойлоптурмун. Көрсө, ичээр суусу түгөнүп баратканын өзү сезген экен. Өлөөрүнө 4 күн калганда “балдар, кыздарынын баарын чакыр” деди.  Алар жаңы эле келип кетти го , эркелей бересиңби десем, чакыр “кемпиш” деп койду. Чекчейип отуруп күтүп алды. Равшан эшиктен күлүп кирип, “папа жаңы эле келип кеттик эле го”- десе, “силерди көргүм келди. Чакыргым келди”-деп  жылмайып койду. Карындашы Кара-Балтага жетип калыптыр десек да “чакыргыла”- деди. Алар да келди. Небере чөбөрөлөрүнүн баарын чогултуп, ыраазычылыгын айтты. Сөзүнүн акырында  “Равшан мен бирдеме болуп кетсем, айылга алып барбай  эле ушул жакка  койгула”-деди. Өлүмдөн кеп салганына Равшан “коюңузчу папа” деп чоочуп кетти. Ошол мезгилде дагы өзүн жоготпой, мурдагы калыбын бузбай жылмайып сүйлөп отурду. Таңгалганым, Бабырбек абдан чыдамкай экен. Жанын кейиткен ооруну да күлүп көтөрдү. Жаны кейип жатса да, эч кимибизди кагып-силккен жок. Кантип калдың десек “жакшы” деп эле күлүп койду. Ашыкча кыйнаган да жок.  

- Сизге айткан акыркы сөзү эмне болду?

- “Лаззатты чет мамлекетке алып барып, жакшылап эс алдырып кел. Мен берген убадамды аткара албай калдым”- деди. “Жетишерлик жашооң бар. Элден калбай катыш. Бабырбек өлүп калып, Таалай эл менен катышпай калды деген сөзгө калба, кемпиш. Барган келген адамдардан колуңду үзбө, өзүң деле катышка жакшы элесиң. Бирок, ошентсе да айтып коёюн”- деди. Койчу ай кайдагыны айтпай десем, күлүп  “кемпиш угуп кой” -деди. 
Бирок, аны өлөт деп ойлогон жокмун. Көрсө баары, заматта эле болуп калат тура. Тоого барабыз деп сөз берип койгонбуз. Эртең менен тоого камынып жатсак эле “чыдай албай жатам. Морфий сайдыргыла”-деди. Врачка чалсак, “морфий сайганга болбойт” деди. Ал бир медикти жөнөттү. Лейкопластырь чаптап кетти. Жакшы болуп калганда эле тоого жөнөдүк. Куурдак куурудук. Ал машинада отурду. Эт бир кайнам болгондо өңү өзгөрүлө баштады. Улуу кызы Рахат “папам жакшы болбой баратат го. Кете берелиби”- деди. Машинага түшүп, жөнөйбүз деп атканда эле “кайда”- деди. “Атамбаев менен  кошуна болом деп атасыз го. Арашанды кыдырып келели”- деди кайнимдин баласы. “Мен алдыга отурам” деп алдына отурганда эле өзүн таштап, сүйлөбөй калды. Үйгө келгенде эле терең дем алып, жатып калды. Анан таңкы төрттө үзүлдү. 
Азыр Бабырбектин жанымда жок экени мени абдан өкүнтөт. Күн өткөн сайын анын жок экени ого бетер сезиле баштады. Кандай убакта болсо да, үстүдө отурат деп караан тутчу элем. “Кемпиш чай кой, конфет менен чай ичели”- деп калчу. Ошол күндөрдү сагындым. Баке барда  баары башкача эле. “Энеден кийин төркүн жок, эрден кийин урмат жок” деген кыргыздын сөзү жөн айтылбаптыр деп кээде сезип кетип жатам. Аттиң деп Бабырбекти эстеп ыйлаганда ыйлап, басылганда басылып калам. Ал тирүү болсо, жаркырап 70 жылдыгын өткөрөт элек. Эми минтип эскерип отурабыз... Мен Бабырбектин шакирттери эскерип, устатыбыз деп кече уюштуруп жаткандарга да, Бабырбектей адамга өмүрлөш кылган жаратканга да ыраазымын. Бакем жакшы ата, камкөр күйөө, мыкты устат, сонун чоң ата болду. Баарыбыздын эсибизде жакшы сапаты, жылуу сөзү, бийик адамгерчилиги менен калды. Бакемдей керемет, кеменгер адам 100 жылда бир жаралат го.

Булак: Майдан гезити

Последние новости