www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Айтылуу Үсөн аке Азимбек Бекназаровго Түштүктүн лидерлигин өткөрүп бергени тууралуу "тар чөйрөдө" сөз болууда. Бекназаров түз эле А.Мадумаров, А.Келдибеков, К.Ташиев сыяктуу түштүктүн мыктыларын бириктире баштады. Булар бүт кыргыз элинде чоң салмагы бар. Кээде тай союп сыйлай калчу Бабанов бул тарапка ыктагандай, ал тургай Чолпон-Атада бийликтин жакындары эртеңкисинен чоочуркап Бабановго да тай союп, анын көңүлүн алышты. Бекназаров парламенттин дат баспаган алтыны болгон Мыктыбек Абдылдаевди да имерчүдөй.

Канат Исаев деле бекеринен бийликке каяша айтып кыйкырып чыкпаган чыгар. Текебаев менен Атамбаевдин "чабышынын" жыйынтыгы тараза салмагын Бекназаров тарапка оодурчудай. Бийликти алмаштырабыз деген күчтөр Бекназаровсуз тушоо да чече албасын түшүнүп калышты. 2005 жана2010 -жылдардагы бийлик алмаштыруудан кийин Бекназаровго тетири пикир түзгөн Акаевдин, Бакиевдин 2000дей коррупционер чиновниктери болгон, эл Бекназаровдун колу менен коррупционерлердин байлыгын мамлекетке кайтарган. Алар да жөн жатмак беле Бакиев менен,Атамбаев менен Бекназаровду кагыштырып келген. 7-апрелден кийин Улуттук гвардияда вице-премьер катары Бекназаров гана элди күн-түнү кабыл алып 23 саат иштеп турган.

Анын китебинин презентациясында экс-президент Отунбаева жылуу сөз сүйлөдү. Же Отунбаева ата салтын сыйлаган Бекназаровдун 2010-жылы 7- апрелде бийлик талашкандардан Убактылуу Өкмөткө жетекчилигине Отунбаеваны көрсөтөм деп кол көтөрүп тура калып, УӨ мүчөлөрүн ынандырганы эсинде болсо керек.

Арийне, кимдир бирөөгө мунусу жакпай калып, достуктан кол үзүп 2012-жылдан бери жолугуудан качып жүргөнсүйт. Ошол эле киши жакында Отунбаевага да жаман пикирин айтты. Ушундай процесстерге саресеп салсак жаңы жылдан кийин азыркы бийликке оппонент болчу чоң күчтү байкайсыңар. "Кимдин кимдин заманы, Бекназаровдун заманы келеби?" - деген пикирин 2016-жылы ноябрь айында Самат Муктарбек уулу жазып чыккан. 

Эске сала кетсек,  Азимбек Бекназаров  Туруктуу Элдик Кеңеш институтунун төрагасы болуп кайрадан көч башына келген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости