www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен байланышып, шайлоонун шарапаты менен орун алып жаткан жагдайлар саясатчылар, партиялар, эч нерседен түшүнүгү жок эле депутат болом деген жаштар тууралуу пикир алыштык.

-Азимбек Анаркулович, Өмүрбек Суваналиевдин “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын курултайындагы билдирүүсү коомчулукта түрдүү пикир  жаратты. Ал криминалдар тууралуу айтып, шайлоо алдында упай топтоонун айласын көрүп жатабы же чындыкты айтып, дың жерди буздубу?

-Суваналиев кандай билдирүү бергенин уккан жокмун.

-Шайлоону утурлай саясат курчуду. Өмүрбек Текебаева партиясын жаштарга өткөрүп, саясаттагы маданияттуулукту көрсөткөндөй болду. Бирок, анын ал аракетин да сындап, аргасыздан партиясын жаштарга берди. Соту бүтсө, өзү эле жетектеп шайлоого бармак деген көз караштар да айтылууда. Текебаевдин бул кадамын кандай кабыл алдыңыз?

-Туура кабыл алдым. Азыр өзүнүн жеке иши баарынан жогору.Ал кылмышкер эмес экенин далилдөөсү керек. Бирок шайлоого барбаганы саясаттан кетти дегенди түшүндүрбөйт. Анын бул  кадамында Текебаевге таандык дагы бир саясат жатат. Текебаевдин партиясы азыр, социалисттик эмес, батышчыл көгүш тартып кетти. Шайлоодо утушу кыйын. Бирок, Текебаев экөөбүздүн да саясаттан кетишибиз кыйын. Чыгыш мамлекеттеринде, элдеринде саясатчы 70тен кийин күчүнө толот деп, чоң кызматтарга 70тин айланасындагылар келет экен. Биз болгону көп жылдан бери элди тажатып койдук окшойт. Бизди да эл «сагынсын» ага чейин четтеп турганыбыз оң.

-"Ата Мекен" партиясынан шайлоого чындап эл үчүн иштейм деген азаматтар чыктыбы же элди тили менен жайгарган популисттер шайлоого аттандыбы?

-Мен билген кызыл “Ата Мекен” азыр жок, кызарган эле желеги калыптыр. Айтпадымбы, “Ата Мекен” көгүш тартып кетти деп. Шайлоого бараткан лидерлери саясатчыга караганда, журналисттик деңгээлде иш кылганы байкалат. Ошон үчүнбү эмнегедир  бир нерсени чукуп таап, сенсация жасагысы келгендерге окшош.

-"Бир Бол" партиясы да курултайында оппозиция болоорун жарыялады. Оппозиция болуш үчүн оппозицияга өттүк деген сөз эле жетиштүүбү же саясатчылар түп тамырынан бери өзгөрүшү керекпи?

-“Бир Бол” партиясы кимге оппозиция, Жээнбековкобу? Бул участок алда качан Мадумаров тарабынан ээленген. Үй-бүлөлүк партиялык партиялар менен куралган парламенткеби? Президенттик жеке менчик парламентте, ар кандай партиялар менен үч президентти тейледи? Анан кайдагы оппозиция болот. Бүгүн чыныгы оппозициячыл партия жок! Чыныгы оппозиция азыркы президентке эмес, президенттерди монстр кылып жаткан мамлекеттик башкаруу системага, айрыкча партиялык тизмени шайлатып жаткан шайлоо системасына оппозиция болуш керек. Акыркы 13 жылда көрдүңөр да шайлоо системасы өзгөрүлмөйүнчө, президенттин партиясында болом дегендер жылдан-жылга көбөйүүдө, кошпой койсо оппозиция, кошуп алса позиция. Ал түгүл “Ата Мекен” да ошентип жүрбөдүбү? Атамбаевдин бийликти узурпация кылганына жардам берип, Конституцияга каршы келген мыйзамдарды жазып, Конституция боюнча парламенттик башкарууну өздөштүрүп жатышкан Өкмөт башчы Бабанов менен спикер Келдибековду жыга чапканына кол-кабыш кылган позицияда болуп, Оторбаевди премьер-министр кылды. Анысы кеткенден кийин оппозиция болду. Башкаруу системасын, шайлоо системасын түп тамырынан өзгөртмөйүнчө системдүү оппозициячыл партия, идеалдык, намыстуу оппозициячыл саясатчы дегенди унуткула... Азыр батышчыл, оңчул партиялар жокко эсе, орусчул партиялар үчкө бөлүнүп туру. Солчулдар: коммунисттер, КСДП  чачылып, социалистик “Ата Мекен” мурда капиталисттерге берилсе, эми батышчыл көгүш тартып кетти... Партиядан партияга кирүү базарга киргендей эле болуп калды. Илгери саясый идея үчүн революцияга чыгып, жанын берчи эле. Азыр бул уят, намыс  эмес, акылдуулук... айлакерлик катары кабыл алынат. Ушул өңүттөн караганда бийликтин партиясыныкы билинбейт. Анткени, аларда ким президент болсо, биз ошонукубуз»-деген принцип менен эт менен челдин ортосунда жан баккандар. Бирок, өзүн бөтөнчө акылдуу, белгилүү, намыстуу саясатчы сезип жүргөндөрдүн азыр кайнаса каны кошулбай турган кайсы бир партияларга киргенин көрүп, ээ кыргыздын шору али алдыда экен дейсиң?!

-Парламенттик шайлоого байкот жарыялагысы келгендер да бар экен. Шайлоону өткөрбөй коюуга сырткы күчтөр кызыкдарбы?

-Батышчыл жана сырттан каржыланган партиялар, аларга кошулуп өтпөй калган партиялар баары ушул скрипканы сөзсүз ойногусу келет. Ошондуктан бийлик ачык, таза, тынч шайлоо өткөргөнгө, тополоң уюштурабыз дегендерге каршы алда качан аракеттерди жасап, даярдыктарды көрүшү  керек болчу. Пандемияда чабалдык кылгансып, даярдык көрбөсө  утулгандардын баары биригип, тополоң кылганга аракет кылышат. Мисалы, бир топ партиялар өздөрүнүн агитациясын өздөрүнүн жеке сайттары,  жалданма башка соцсеттер, журналист, жеке адамдар аркылуу тынбай жүргүзүп жатат. БШК кой дегенин уга элекмин. Таза, ачык шайлоо деген мыйзамдын алкагында баарына бирдей шарт түзүү, тартипке чакыруу болот. Бийлик минтип аракет кылбай олтура берсе, мен билбейм эмне болоорун...  Бир саясатчы көчөдөн колдойбуз деп ачык айтпадыбы.

-Партиялар тизмесин жарыялай башташты. Көпчүлүгү жаңырдык, катарыбызга жаштарды койдук, жаңы жүздөргө басым кылдык дегендей алдыңкы саптарга белгисиз жаштарды коюшту. Жаштарды алдыга койгон саясат туурабы же тажрыйбасы жок жаштарды депутат кылуу да опурталдуубу?

-Парламент мыйзам чыгаруучу эң жогорку орган. Парламент жазган мыйзам менен элибиз жашайт, салыгын төлөйт, пенсия, пособиесин алат, бейбаштык кылса жазасын алат. Президент, Өкмөт мүчөлөрү, соттор да депутаттар жазган мыйзам менен кызматка келип, иштейт. Укуктук мамлекеттерде кыбырагандын баары мыйзамга, ислам мамлекеттеринде шариятка баш ийет. Турмуштан тажрыйбасы жок жаштар, айрыкча артисттер, бизнесмендер,  жарым криминал, жарым спортсмендер мыйзамды  жазмак тургай, мыйзам эмне экенин түшүнө бербейт. Парламент спорт зал же сахна эмес. Жаштарды, жаңыларды деген ураан менен  партия түзүү, бүгүнкүдөй шайлоо система турганда, жеке бийлик жүргүзгүсү келген президенттерге пайдалуу. Себеби, парламентке кезектеги «120» кой келет. Мыйзамдарды кайсы бир суммага НПОлор даярдайт же президенттин аппараты алып кирет. Тигилер добуш бер десе берет, бербесе десе бербейт. Жаштар аткаруу бийлигинде иштеп, тажрыйба топтоп, элдин турмушун билип, анан депутат болом деши керек.

-Силер деле жаш курагыңарда депутат болдуңар  эле го?  Сиз, Текебаев, Мадумаровдор...

-Ооба анда шайлоо системасы башка болчу, депутатты альтернативдүү негизде эл тандап алчу. Минтип акчалуулар же президенттин жакындары партия түзүп анан сен, сен депутат болосуң деп тандап алчу эмес. Тандоону эл өзү жасачы. Биз деле тажрыйбалуу атактуу адамдар менен атаандаш болуп, аттанып элдин тандоосуна түз барып утуп келгенбиз. Дооронбек Садырбаев 2-чакырылыштагы парламент жөнүндө өзүнүн бир китебинде минтип жазган: «парламенттин башы, мээси Ишенбай Кадырбеков, көзү, кулагы Өмүрбек Текебаев, мотору, жүрөгү Азимбек Бекназаров, тили,  үнү Адахан Мадумаров»- деп. Бирок, ошол парламенттин көркү, акылы, даанышмандары ошол эле Докем өзү, Апсамат Масалиев, Турдакун Усубалиев, Бейшенбек Акуновдор болчу. Алардын тажрыйбасы, мамлекетчилдиги, элчилдиги менен парламент, парламент болгон. Жаштарды алдыга салса «саясый маданияттуулук» катары саясат кылуу, мамлекеттин тагдырына кайдыгер кароого барабар. Саясатта, айрыкча мыйзам чыгаруу бийлигинде кары-жаш деген болбойт. Мыйзам жазуу, ага түшүнүп добуш берүү илимдеги ийне менен кудук каскандай эле нерсе. Депутатка  билимдүүлүк, тажрыйба, харизм, көрөгөчтүк, мекенчилдик, элчилдик керек. Бүгүнкү шайлоо системасы акчасы болгондорго гана парламенттин эшигин ачып койбодубу!?

-Анда “Бүтүн Кыргызстан” туура кылып жатыптыр да, эскилерди катарына кошуп?

-Тизмесин жарыялаган партиялардын ичинен “Бүтүн Кыргызстанда” мыйзам эмне экенин түшүнгөн, мыйзам жазып жүргөндөр, мыйзамды кесипкөйлүк ишинде колдонуп жүргөндөр, өзүнүн жеке позициясы бар, аны айта билген депутаттыкка жарачу мен тааныгандар көп экен. Мен аларды эскилер дей албайм. Эскилерди да бөлүп кароо керек. Өмүр бою улам жаңы президенттердин дүжүрү болуп жүрүшкөн эскилер бар, эгемендик доорундагы бардык президенттерге жүгүнбөгөн эскилер да бар. Бирок,  “Бүтүн Кыргызстандагы” көп «эскилердин» көпчүлүгүндө акчасы жок.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости