www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Саясий сойкуга” айланган Сариев качан тирилет?

Элдин бары коронавирустун азабын тартып, парламенттик шайлоону ойлой элек кезде Темир Сариев “Ак шумкарын” чычканга айлантып Өмүрбек Текебаев баштаган “Жаңы дем” партиясына кирет. Сариевдин негизги оюу лидерлик болгондуктан, ал өтө сыпайы кошоматчылыгы менен “ак сүйүүсүн” Өмүрбек Чиркешовичке билдире баштайт. 2007-жылы да арналган Сариевдин “махабатына” Текебаев ишенбейт да, биринчи орунга Жанар Акаевди алып келет. Ичинде кайнап турган жалындуу сүйүүсү “чокко” айланып, андан соң жокко айланып кеткен Сариев салпалактап партия издеп жүрүп “Каркыраны саттың” деп кардын тешип жүргөн Мадумаровдун “Бүтүн Кыргызстан” партиясын тандап, эми жүрөгүн Мадумаровго арнай баштайт. “Аялханбы” же Адаханбы жүрөгү жылып баратты эле таластын алгыр куштарынын бири Өмүрбек Суваналиев коррупционерлер менен бир болбойм дегендей кылып койсо керек, Мадумаровдун “манты сүйгөн” ооздору Ошингтонду карап, Сариевдин “ак сүйүүсүнө” жооп бербей койот. Эки Өмүрбектен жолу болбогон Темике тентип кетеби зарлап Мажнун болуп же дагы бир Өмурбекке (Бабановго)  “ак сүйүүсүн” арнайбы белгисиз?

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости