www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Өмүрбек Текебаев шайлоого барбагандан кийин «Ата Мекендин» абалы чатак! «Ата Мекен» партиясынан Өмүрбек Текебаев, Дүйшөнкул Чотонов жана Асия Сасыкбаева парламенттик шайлоого баруудан баш тартышты. Жаштарга орун бошотуу максатын тандап алышканын айтышты, бирок, эл ичинде ар кандай түшүнбөстүктөр жаралууда.
Өмүрбек Текебаев өзү партиянын тизмесинде жок болгондон кийин, анын электораты башка оппозициялык күчтөргө ооп кетишери белгилүү. Шайлоо күрөшүнүн эрежеси, табияты ушундай. «Ата Мекенди» жаштар баштап алганы менен алардын электораты, келечекке карай үмүт берген шамчырагы болбосо, абал кантет? Эгерде башында Өмүке өзү турса, жок дегенде тизмеде кала бергенде кеп башка эле.
Негази «Ата Мекендин» алдыңкы жыйырмалыгында капчыктуулар аз экенине караганда, чоң жарышта мукурап, акчалуу партиялардын чаңында калышат го? Же радикалдуу оппозициялык маанайда кете алышпаса, айтор, кыйын болуп калды, Азыртан эле шанстарын алдырып жиберишкенин эскперттер да саймедирей башташты эй! Темир Сариев да «Ата Мекендин» переспективасы жок экенин айтып, чыгып кетпедиби. Эгерде келечеги, таасири болгоңдо лөктөр чогулушмак да, туурабы?
Булак: Азия Ньюс