www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews.kg маалымат агенттиги Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров менен Темир Сариевдин  жагдайлар саясатчылар, партиялар, эч нерседен түшүнүгү жок эле депутат болом деген жаштар тууралуу пикир алыштык.

-Азимбек Анаркулович, Сариевдин “Бүтүн Кыргызстандан” да чыга качканын көптөр түшүнө албай  түрдүү божомолдорду айтышууда.  Сариев кыраакылык кылдыбы же тескерисинче позициясы жоктук кылдыбы?

- Сариев менен Мадумаровду Россиядагы кыргыздардын айрым «кураторумун» дегендер эле бириктирүүгө аракет жасашкан окшойт. Түндүк-түштүк картасын ойноп, болбосо алар өмүр бою саясатта экөө эки башка жээкте жүрүшкөндөр.  Мадумаровдун апрель баатырлары жөнүндө айткан сөзү да, Сариевди ойлонткондур. Эмнеси болсо да Сариевдин бул кадамы айрымдарга окшоп, эптеп эле бир партияга кошулсам болду же бирөөлөр кошул десе эле кошула бербей, өз кадырын билген  кыраакы саясатчы экенин  дагы бир жолу көрсөттү.

-Сиз Темир Сариев өз кадырын билди дегениңиз менен айрымдар аны  позициясы жок экен деп саясий сойкуга теңеп жатышат го?

-Койлорго окшоп, тигиге кир десе кирип жашагандан көрө, ары- бери салмактап, сүйлөшүп анан каттоодон өтө электе чыгып кетүү  да эрдик... Сариевдин бул кадамы сойкулукка жатпайт, Чыныгы «С» лар Бүтүндө көп, алар башкалар... Ал эми бийликтин партияларында «саясий сойкуларга» караганда жалаң «жаны койлор» көп окшойт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости