www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаров, жергиликтүү “Жаңы ОРДО” гезитине маек берди.

--Президенттин 3 багыт боюнча реформасын колдойт экенсиз? Элчиликти тандабай эле бул жакта жардам берсеңиз  болбойт беле?

--2017-жылы мекенчил-улутчул күчтөр менен так ушул айткан идеялар менен президенттикке талапкер да болуп бардым.

Бул чоң компания, үнүң эч жерге жетпейт, маалымат каражаттарың жок эч жакка бара албайсың. Эл арасында 12 жыл жумушу жок эле жүрдүм. Анда дагы жөн жүрбөстөн силердин гезит аркылуу ушул идеяны айтып келатам.

«Унчукпай коюуга укугум жок» деген китебим менен президентти канча сындадым. Бүгүн деле ошондой сөздөрдү айтып келатам. Эмне жыйынтыкка жеттик?

Эч нерсеге жеткен жокпуз. Нөл десек болот. Азыр деле ошентип жүрө берсем, нөл болуп кете берет.

"Силердин идеяңарды ишке ашырабыз, реформа учурунда чогуу иштешебиз, сиз убакытты бошко кетирбей ушул жакта иштеп турбайсызбы..." деген сунуш менин оюмча жөндүү эле.

Биздин уюм токтогон жок, ишин улантып жатат. Негизгисин айтып коёюн, тандоо меники эмес, президенттики. Эч жакка кетирбей эле ушул маселелер боюнча иштеп бериңиз десе, каршы болбойт элем.

Бирок, Конституция боюнча өкмөттү  парламенттеги партиялар аныктайт. Кызмат-ордуларын 4 партия бөлүп алган. Ал тургай президенттин аппарат башчысы башка партиянын өкүлү. Президент экөөбүздүн байланышыбызды ачык эле айтайын. Экөөбүздүкү көп жылдарга айланып кетти.

Мен каалаган кызматты президент бере алган жок, президенттин айтканына мен барган жокмун. Акыры келип ушул элчиликке токтодук.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости