www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы элчиси Азимбек Бекназаровдун "Майдан.kg" гезитине жарыяланган маегин айрым кыскартуулар менен "NazarNews" маалымат агенттиги окурманыбыздарга сунуштайбыз. 

--Парламентке жалаң байлар келет деп жатышат, бай эмес сиз каалагандай жүрөгү, тили, ой-пикири бар эркин депутаттарды кантип парламентке алып келебиз?

--Ошол Мадумаровдор аныктаган азыркы шайлоо системасын өзгөртүү менен гана, шайлоочулар өз депутатын түз, тике альтернативдик жол менен тандап алышы мүмкүн! Азыр болсо партиялык тизмени гана шайлайт, шайлоо, депутат саясий партияларга гана байланып калган. Партиялар аркылуу президент, анын жакындары депутаттарды тандап алганга, аларды башкарып турганга жеңил жана ыңгайлуу.

Эми байлар жөнүндө: Саясий партияларды, ал аркылуу парламентти түптөөдө да чоң акча жатат. Акчасы жок адам партия түзмөк тургай, шайлоого катышкан партиялардын тизмесине кире албайт.

Мен дайым айтып жүрөм, мекенчил улутчул кыргызым, анын каада-салты дешкен, 1990-жылдардын башында түзүлгөн "Асаба", "Эрк", КДКлар кайда азыр? Улутчул-мекенчил инсандар шайлоого катыша алабы? Албетте, жок! Кыргызым, улутум деген инсандарды да, партияларды да ички байлар да, сырткы байлар, спонсорлор да эч ким колдобойт! Партиядарына да кошпойт! Чет элдик спонсорлор кыргыздын кен байлыгын чет элдиктерге беребиз, каада-салтын адам укугу деген шылтоолор менен жок кылабыз, батыштын либералдык, "голубойлук" саясатын колдойбуз, же орусташтырабыз, же арабдаштырабыз, же башка да чет элдик кайсы бир кызыкчылык үчүн убада берген партияларга акча беришет. Мисалы азыр кайсы бир партияны "феточулар", "гуленчилер", кайсы бирин "бир тууган улуу агабыз", "бир туутан коңшубуз", качкын президенттер жана алардын премьер-министрлери колдобосо, ушунча шайлоо агитация иштерине акчаны кайдан таап жатышат? Жанагы биздин, өзүбүздүн кыргыздын байларын сындап жатышкан "бечаралар" менен "тазалар"? Ал эми өзүбүздүн "базарком" депутат байларыбыз албетте президенттердин партиясы менен гана болушат. Ушул жерде эми салыштырып көрөлү, чет элдин ырын, баалуулуктарын ырдап, алардын акчасына демократияны, адам укугун, гендердик саясат, улуттук азчылыктын укуктары, диний секта, агымдар, дабатчылык, жарандык коом деген шылтоолор менен Кыргызстанды азыркы абалга алып келгендердин кыргыз үчүн зыяны көппү же акыркы үч жолку шайлоодо ким президент болсо, анын жакындарынын жардамы менен эптеп депутат болуп алып үй-бүлөлүк партия, "базарком", "балык депутат" атка конгондордун зыяны көппү? Экөөнүн тең зыяны бар, бирок салыштыра келгенде түпкүлүгүндө сырткы донорлордон жем жеген партиялардын зыяны кыргыз үчүн орду толгус чоң.

Алар элди, коомду, кылымдардан бери кыргызды сактап келген каада-салтын бузушууда. Кыргызды либералдаштырып, кайрадан "киргиздештирип", партиялаштырып, түштүк-түндүк, улуттук азчылыктын, аялдардын укуктары, адам укуктары деп 30 жылдан бери Кыргызстанды дайыны жок реформалардын чоң лабораториясына айлантып салышты.

Мисалы, мен чет жактан акча алышкан саясый партиялар аркылуу кыргыздардын бөлүнүшүн, каада-салттарынын жок болушун эч качан каалабайм, андан көрө өзүбүздүн ички "базаркомдордун" зыяны аз экенин, элдин башына каран күн түшкөндө ошолор жок дегенде урук-туугандарына жардам берерине ишенем. Мен албетте ууру, прихватор байларды айткан жокмун, өз мээнети менен байыган байларыбызды айтып жатам. Чубак ажыны Атамбаевдин мезгилинде "гуленчи экен" деген ушак таратышты эле, жакында болсо бир топ селдечен достору менен Адаханды кошуп алып кулун байланган желенин жанында жүрүшөт? Алар сүт ичкени же кулун көргөнү келбесе керек Кыргызстанга? Бекеринен анысын соцтармактарга жайгаштырып жатпаса керек? Мүмкүн бүткүл кыргыз мусулмандары көрсүн деп атайын койгондур? Анткени ак селдечен, дамбал кийген сакалчандарды көрсө эле пайгамбарыбызды көргөндөй сүйүнүшкөн мусулмандарыбыз көп. Алар соодегерби, башкабы иши жок. Айтор кыргыз сак болбосок, ойлонбосок дагы бир шойкомдун үстүнөн чыкканы турабыз, Атайын кызмат күнү-түнү иштей турган мезгил. Менимче парламентте, шайлоо системасы өзгөртүлгөнгө чейин селдечендер менен "голубойлорго" караганда парламентте менин досум Камчыбек Жолдошбаевге окшогон байлар, "базар-комдор" отурганы түзүктөй болуп турат. Бирок биз бизнес менен саясатты бөлө турган реформаларга токтоосуз барышыбыз керектигин турмуш далилдеп койду. Дагы бир далил, эң күчтүү АКШда, эң күчтүү эки партия бар: Республикалык жана Демократиялык. Ушул эки партиянын ээси же лидери ким? Айткылачы? Аларда алмак-салмак АКШнын президенттери, депутаттары мезгил-мезгили менен алмашып турат, бирок партиянын лидери же ээси деген адам эмес, саясый байгеде жеңген башка эле адамдар жеңүүчү болот! Эмне үчүн? Анткени, ал партиялардын чыныгы ээлери АКШнын бүткүл байлары, ким депутат, ким президент болот, ошолор аныкташат да. Бирок өздөрү мен баймын, мен президент, депутат болом дешпейт, себеби алар саясатка келишсе АКШнын саясаты базарга айланарын билишет, ошон үчүн алар чыныгы мыкты саясатчыларды тандашып, байгеге салып коюп өздөрү саяпкерлердей көшөгө артында отурушат. "Күлүктөр" болсо өз учурунда тигилердин дүйнөлүк кызыкчылыгын коргоп беришет. Ошондуктан мен ойлойм, биздин байлар да өзүм депутат, президент болом дебей, кыргыздын мыкты уул-кыздарын таап, аларды байгеге кошуп, өздөрү көшөгө артында туруп саясий оюн кылууну үйрөнүшү керек!

Булак: NazarNews.kg

Последние новости