www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жылкыбызга жараша ышкырсак.

Сиз 6 жыл өлкөнү кимдер менен кантип башкарууну биротоло чечкенден кийин 6 жылдык Программаӊызды элге ачык айтышыӊыз керек. Программаӊыздын өзөгү мурдагы Президенттер бүтүрө албаган, бүлүнткөн маселелерди бүтүрүү, үзүлгөндү улаган, чачылганды жыйнаган, уурдалганды кайтарган, адилетсиздикти жойгон, айтор көп жылдан бери чечилбей келе жаткан маселелердин чечилиш жолдорун көрсөтө алса туура болот. Эл азырынча сиздин “Атамбаевдин саясатын улантам, элет жерине көӊүл бурам, коррупцияны Бабановдон баштайм”- дегениӊизди гана билет. Чет элдик Программалардан көчүрүлгөн, жалпы илимий, кооз чет элдик терминдер менен ширетилген, формалдуу программаларга кыргыз эли эчак тоюп бүткөн. Сиздин программаӊыз жылкыбызга жараша ышкырылган, жети өлчөнүп бир кесилген реалдуу, аларды чечүүнүн жолдору, убактысы, механизмдери, жөнөкөй кыргыз тили менен жазылып так көрсөтүлгөнү туура болот. Программаӊыз 2018-жылдын 7- апрелинен кечиктирилбей, жарыяланганы оӊ.

Жаман үйдү коногу бийлейт.

Эгемен Кыргызстандын сизге чейинки бардык Президенттери батышчыл, орусчул багытында саясат жүргүзүштү. Кыргызстанды Щвецарияга, Малазияга, бери дегенде жаӊы Орусияга окшошторушуп, Орто Азиядагы “демократиялык аралча”, “адам укугу сакталган өлкө” аташты. Президенттердин чет элден келишкен кеӊешчи-үйбүлөлүк досторунун кеӊеш-жардамдары менен ондогон Конституциялык реформаларды тар чөйрө менен даярдап (жазып), референдум жолу менен өткөрүп алуу адатка айланды. Дүйнө жүзүндөгү бардык адам укугу менен эркиндиктеринин топтому, гендердик саясатта, улуттук асчылыктын кызыкчылыгын коргоо, шайлоо системасын, сот укук коргоо органдарын,жергиликтүү бийликтире формалоо, жеке менчикти, бизнести өнүктүрүү, жер, айыл чарба, салык, бажы, билим берүү, медицина тармактары, менчиктештирүү, кен байлыктарды иштетүү жана башка маселелер боюнча чет элдерге окшошобуз деп, саясий шарттар менен миллиарддалган кредиттер алынып, кумга сиӊген суудай жок болду. Турмушубуз жаӊыланбай же эски бойдон калбай кайда барсан Мамайдын көрү дегендей абалда. Булар боюнча ондогон Конституция, миӊдеген мыйзамдар жазылды, бир гана жердин, мамлекеттин ээси болгон- кыргыздар жөнүндө, алардын келечеги, өткөн тарыхын, маданиятын, каада-салттарын, тилин, динин, жашоо мүнөзүн орус жытынан арылтып, заманбап жаӊылайлы, өнүктүрөлү, кайра жараталы (трансформацияланалы) деген саясат реформа жүрбөдү, бул максатта кредиттер алынбады.

     Жыйынтыгында Кыргызстан Орто Азиядагы үй-бүлөлүк башкарууну, коррупцияны, өнүктүрүү боюнча чоӊ лабораторияга айланды. Бул лабораторияда жоокер мүнөз кошоматчылыкты билбеген, эркиндикти, момундукту туу тутуп жашаган кыргыз улуту карайлап калды. Сиздин программаӊыздын өзөгүн-улутум кыргыз, урааным Манас, диним салттуу мусулманчылык, демократиясы элдик курултай жер суунун, кен байлыктардын, мамлекеттин ээси-кыргыздар- деген саясат жыттанып, кыргызга көӊүл бурулушун каалар элем.

Алыскы туугандан, жакынкы коӊшу артык.

     Сизден мурдагы Президенттер коӊшу өлкөлөргө караганда те Океандын ары бери жагы менен алака түзүүгө, жок эле дегенде “улуу агабыздын” этегин бекем кармап жүрүштү. Бул жаман эмес дечи, бирок бирөөсү да те илгертеден кудай буйруп, мазары, базары, дини, тили бир,  бир суудан суу ичкен, бир мамлекетте жашап келген бир тууган- өзбек, таджик, казак коӊшулар менен бир туугандарча мамиле түзө албай, тарыхый душман элдей абалда жүрөбүз. “Каримовдон өлгөндө кутулабыз” деп жүрүп, ээми минтип Нуракебиздин (Назарбаев) каарында калдык.

     Сиздин эӊ башкы максаттарыӊыздын бири болуп коӊшу өлкөлөр менен жок эле дегенде СССРдин мезгилиндей мамиле түзүлүп, визасы жок катташуу, эркин соода-сатык жүргүзүүгө жетишүү болуш керек.

Азимбек Бекназаров

Булак: NazarNews.kg

Последние новости