www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Саясатчы Азимбек Бекназаров УКМКга сурак берүүгө эмес, мурда козголгон кылмыш иштерине байланыштуу маалыматтарды тактоо үчүн чакырылганын билдирди.

Анын айтымында, сөз мурдагы УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин мезгилинде козголгон кылмыш иштери тууралуу болгон. Бекназаров учурда 2-3 кылмыш ишине байланыштуу жагдайлар такталып жатканын кошумчалады.

Ошондой эле саясатчы бул маселеге байланыштуу жакынкы күндөрү кеңири маек берерин айтты.

— УКМКдан чыктым. Жакынкы күндөрү NazarNews агенттигине маек берем, — деди Бекназаров.

Эске салсак, бүгүн, 24-июнда, коомдук ишмер жана саясатчы Бекназаровдун УКМКга чакырылганы тууралуу NazarNews агенттигине өздүк булактар маалымдаган.

Азимбек Бекназаров буга чейин Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору жана Жогорку Кеңештин депутаты кызматтарын аркалаган. Акыркы жылдары ал коомдук-саясий маселелер боюнча билдирүүлөрдү жасап, бийликтин айрым чечимдерин кескин сынга алып келген.

Последние новости