www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев 24-июнда Венгриянын Кыргызстандагы элчиси Шандор Дороги менен анын дипломатиялык миссиясынын аякташы боюнча жолугушуу өткөрдү.
Жолугушууда тараптар кыргыз-венгер кызматташтыгынын саясий, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык багыттарда туруктуу өнүгүп жатканын белгилешти.
Ошондой эле Түрк мамлекеттер уюмунун алкагындагы кызматташтык жана 2024–2025-жылдардагы жогорку деңгээлдеги сапарлардын мааниси айтылды.
Министр эки өлкөнүн инвестициялык байланыштарын кеңейтүүдө Кыргыз-Венгер өнүктүрүү фондунун ролун өзгөчө белгиледи.
Жолугушуунун соңунда Жээнбек Кулубаев элчи Шандор Дорогига эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн ыраазычылык билдирип, ага мындан аркы ийгиликтерди каалады.