www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 20-октябрда белгилүү саясатчы Азимбек Бекназаров УКМКга сурак берип чыкты.
Бекназаров сурак кайсы маселе боюнча болгонун ачыктаган жок. Ал учурда баары тынч экенин билдирди.
Алдын ала маалым болгондой, Бекназаровдун суракка чакырылышына анын видео кайрылуусу себеп болгон.
Өз кайрылуусунда Азимбек Бекназаров Кыргызстан тарапка өттү делген Ала-Бука жана Аксы районундагы жерлер башынан эле кыргыз тараптыкы болгонун, жергиликтүү тургундар кайсы жерлер өткөндүгүнөн кабары жоктугун айткан.
Белгилей кетсек, 15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.
Эске салсак, буга чейин коомдук ишмер, экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаровдун баласы Руслан Бекназаров ИИМ тарабынан кармалган.
10-октябрда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда Руслан Бекназаровдун бөгөт чарасын узартуу маселеси каралып, 12-декабрга чейин абакта калтырылды.
Булак: NazarNews.kg