www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Кептин кыскасы Кемпир-Абад боюнча каршы болуп, "стойкага" туруп алгандарды эч кандай аргумент менен ынандыруу мүмкүн эмес экен. Мындай пикирин журналист Марат Тагаев өзүнүн Facebook баракчасына жазды.
"Кемпир-Абад боюнча жабык жыйындан чыктым. "Как она есть" сөз болду. Жабык жыйын болгондон кийин маалыматты ачыктаганым туура эмес болуп калат.
Жеке оюмда мындан артык чечүү мүмкүн эмес. Бийлик эч нерсеге карабай ратификация кылыш керек. Ошол үчүн бийлик.
Каршы болгондор 4 жылдан кийин добуш бербей, башка адамдарды шайлаш керек.
Кептин кыскасы каршы болуп "стойкага" туруп алгандарды эч кандай аргумент менен ынандыруу мүмкүн эмес экен. Сууну сиңген жерге куй, кепти уккан жерге айт дейт. Алар өз позициясында кала беришсин. Бирок бийлик башындагылар жоопкерчиликти алып, чечиш керек", - деп белгиледи Тагаев.
Эске салсак, 10-октябрда Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитети кыргыз-өзбек чек арасы, анын ичинде Кемпир-Абад суу сактагычы боюнча эки тараптуу келишимдин долбоорун көпчүлүк добуш менен жактырган. Эми документке эки өлкөнүн президенттери кол коюп, андан соң Жогорку Кеңеште ратификациядан өтүшү керек.
15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.
Булак: NazarNews.kg