www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Биздин коом сөз эркиндигин дагы деле жетишээрлик деңгээлде түшүнө албай келет. Мындай пикирин журналист, коомдук ишмер Эсенбай Нурушев NazarNews маалымат агенттигине берген маегинде билдирди.
--"ЖМК тууралуу жаңы мыйзам моралдык жактан эскирип калды дегенге мен таң калып жатам. Бизде дайыма ушул аргументти колдонушат. Ал гана эмес Конститутция дагы дал ушул шылтоо менен өзгөртүлүп, жаңысы түзүлдү. Мисалы, АКШнын Конститутциясына 200 жылдан ашты, анда XVIII-XIX кылымдагы терминдер колдонулат. Алар эмнеге эскирбейт деген суроо туулат.
Ал эми, биздеги ЖМК тууралуу мыйзамды айта турган болсок, азыр интернеттин заманы. Анын аркасы менен блогерлер көбөйдү. Чынын айтканда блогерлердин көпчүлүгүн түшүнбөйм. Алар оозуна келгенди оттой берет. Жаңы мыйзамда аларга карата түзөтүүлөрдү киргизсе болмок", - дейт коомдук ишмер.
Анын пикиринде, эски мыйзам ЖМКлардын, журналисттердин эркиндигин кеңейтүүгө багытталган. Ал эми жаңы мыйзам сөз эркиндигин мурдагыга караганда бир топ чектейт.
--"Биздин коом сөз эркиндигин дагы деле жетишээрлик деңгээлде түшүнө албай келет. Сөз эркиндиги десе эле, оозуна келгенди сүйлөй берүү, ар ким каалаганын айта берүү, колун кезеп коркута берүү деп ойлойт көпчүлүгү. Бул таптакыр туура эмес. Андан сырткары, айрым жарандар көз карандысыз ЖМКларды жабуу керек деген кыйкырыктар менен чыгып жатышат. Алар түшүнбөйт, жеке менчик ЖМКлар эмнеге керек экенин. Бир мисал келтире кетсем, Америкада президент Жо Байденди алжып калды, бүт дүйнөгө АКШны уят кылууда, деп катуу сындап жатышат. А эмне үчүн демокаратиялык партиянын тарапкерлери Байденге кайрылып, аларды жаптырып салбайт? Азыркы цивилизациялык заманда бир дагы президенттин кайсы бир маалымат каражатын жаап коюуга укугу жок", - дейт Нурушев.
Ал кайсы бир маалымат каржаты бийликти сындап койсо эле, биздин улуттун кызыкчылыгын көздөбөй жатат деп, кабыргалары кайышып калаарын кошумчалап кетти.
--"Маркс коомдук аренада иш жүргүзгөн адамдарды маалымат каражаттарынын кемсинтүүгө, сындаганга укугу бар деп айткан. Эми сындап койсо эле мени кордоп жатат деп кабыл ала бериштин кереги жок", - дейт журналист.
Толугу менен төмөнкү тасмадан көрө аласыздар:
Булак: NazarNews.kg