www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси, саясатчы Азимбек Бекназаров баласы Русландын эскстремизмге шектелип, сурак берип жатышын өзүнүн оппозициялык ишмердүүлүгү менен байланыштырды. Ал “Азаттык” радиосуна комментарий берип жатып, баласынын күнөөсү жок экенин айтты.

“Менин үй-бүлөм мындан оор күндөргө чыдаган. Русланды динге байланыштуу камап, кудайга дагы күнөөкөр болушту”, - деди Бекназаров.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Азимбек Бекназаровдун уулу Руслан экстремизмге байланыштуу милицияга суракка чакырылганын 14-сентябрда маалымдалган. Милиция мониторинг жүргүзүү учурунда Фейсбукта "Хизб ут-Тахрир" экстремисттик-террористтик уюмунун идеологиясына үндөгөн материалдарды жайгаштырып, таратып жаткан аккаунт аныкталып, Кылмыш-жаза кодексинин "экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу" беренеси менен кылмыш иши козголгонун кабарлады. Руслан Бекназаров ушул кылмыш иштин алкагында сурак берип жатат.

ИИМ сурак аяктап, аяктабаганын тактай элек.

Булак: Азаттык

Последние новости