www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Депутат Жеңишбек Токторбаевдин « …өлүм да жогото албаган чындыгына» жооп

Кечээ кечинде (13.09.22-ж.) мага бир таанышым телефон чалып: «Мына, муну окуңуз. Сотко бербейсизби? 100 % утасыз» дейт.

Мен окубай эле: «Өткөндө берген пресс-конференциямда: «Эми мага каршы 300дөй фейкчи, тролл-мролчулар иштейт. Мейли, ал бечаралар да оокат кылышсын» дебедим беле» десем, «Муну жазган, Сиз айткандай, бечара эмес. Ал ЖКнын депутаты» десе болобу!

Ошондон кийин ачып карап, «Ким деген депутат экен?» деп кызыксам, сүрөтү тааныш көрүнөт. «Бул да депутат болгонбу?» деп сураштырсам, Камчы инимдин партиясынан депутат болгон экен.

Түшүнүктүү. «Чыркыраган» чындыгында мага түз кайрылган жерлеринде, «сылыктыкты» көрсөтүп, «Сиз» деп, аягында «Эркек болсоңор, Жалал-Абадга келгиле! Келе албайсыңар!» деп, кайра «сенге» өткөнүнө караганда, үкам «чындыгын» өзү жалгыз жазбагандай...

Аңгыча дагы бирөө Эдил инимдин (Байсалов) мага даректелген «эскертүүсүн» жолдоптур. Аны да окуп, ойлондум. «Ээ, бири Министрлер Кабинетинин төрагасынын орун басары болсо, экинчиси ЖКнын депутаты… Демек, маселе тереңдеп бараткан экен. Экөөнө бир эле жооп берейин» деп чечтим.

1. Жеңишбек иним! Бир кезде ушул эле Ташиевдин шылтоосу менен сенин кафеңден чай ичтик эле. Ошону эстеп, кеч болсо да, эл депутаты болушуң менен куттуктайм. Эми кайрылууңа жооп берейин.

«… Июнь окуясына Азимбек Бекназаров менен Исмаил Исаков күнөөлүү. Бакиевди бийликтен биротоло кетириш үчүн башкы планыңар болгон… Түштүктүн эли Бакиевди колдоп кетүүсүн билип, тынч жаткан элди бири-бирине тукуруп, жасалма жаңжал чыгаргансыңар. Жооп берчү кңн келди» депсиң, иним.

Биз, Исаков экөөбүз эле эмес, бүтүндөй УӨ мүчөлөрү июнь окуясы боюнча «жаңжалдын алдын ала албадык. Ошон үчүн моралдык күнөөбүз бар» деп, 12 жылдан бери айтып келе жатабыз.

Июнь окуясын Парламент, Улуттук Комиссия, Коомдук Комиссия, Эл аралык Комиссия ысыгында айлап териштирген. Июнь окуясы эмне себептерден келип чыккан? Кимдер күнөлүү? Баарына 12 жыл мурда чекит коюлган. Эң акыркы Комиссия Келдибеков, Ташиев, Жапаров башында турган «Ата-Журт» партиясынын демилгеси менен түзүлүп, жыйынтыгы 2011-жылы Парламентте ачык угулган.

Документтери ЖКнын архивинде сакталуу. Иним ошону окуп койсоң. Анда кимдер күнөөлүү экени, эмне себептен чыкканы толук жазылган. Эч нерсе окубай эле, өзүңдүн «көчө сөзүңдү» таңуулап, «күнөөлүүлөрдү» атап салганың - депутаттык статусуңа туура келбейт.

Айыгып бараткан жараны чукуба. Эгерде өзүңдүн «көчө чындыгыңа» бекем болсоң, парламентте маселени көтөр дагы, жаңыдан иликтетип чык, үкам! Бул кадам - мамлекетчил адамдын кадамы болот.

2. Эсиңизде болсо, эки брондолгон кара түстөгү жол тандабастар менен жүргөнсүз. Сиз менен ИИБнин ылдыйраак жеринде Камчыбек Ташиев болуп чогуу жолукканбыз. Ошол жерден качып кеткенсиз» депсиң!

Тактап коеюн: Мен эки эмес, 15тей машина менен 50дөй элдик кошуун менен бирге Жалал-Абадга келгем. Сампанын жолун биз ачтык, анан ИИБге келип, «Барпы айылынан Топурак-Белге чейин автомашина менен патрулдук кылгыла! Оштон келип, Барпыда өтө албай турган элди өткөргүлө!» деген команданы берип, анан силерге жолукканым чын.

Бирок, качып кетпей, К. Ташиевге «эки элди жараштыралы. Мени менен кошо келген Токмоктун өзбек диоспорасынын өкүлү азыр Сузакта сүйлөшүп жатышат. Алар да келишет. Командаң менен сүйлөшүүгө кел» деп кеттим.

К. Ташиев 7-8 адамы менен, ал эми сузактык өзбектердин өкүлү болуп, Сузактын имамы, Абдыкаар ажы баштаган 6-7 адам келишти. Сен бар белең, эсимде жок.

Кыргыз тарап биздин комендант К. Байболовду «күнөөлөп», Байболов аларды «күнөөлөп», ортодо сүйлөшүү үзгүлтүккө учураганы калганда, сүйлөшүүгө Байболовду кошпой, анын ордуна облпрокурорду коштук.

Эки тарап бири-бирине дооматтарды коюшту:

• кыргыз тарап «Сузакта 7 кыргыз үй-бүлө барымтада» десе,

• өзбек тарап «Жалал-Абаддын борборундагы кыргыздар куралдарын өткөрүп берип, тарасын» деген.

Акыры Ташиев баштаган 2-3 адам, мен «барымтада жаткан кыргыздарды чыгаруу» үчүн Сузакка кирмек болдук. Бирок, ИИБдин ылдый жагына жеткенде К. Ташиев бирөөлөр менен сүйлөшкөндөн кийин (мүмкүн, сени менен сүйлөшкөндүр), «Аке, мен Сузакка барбай эле коёюнчу» деп болбой койду.

Жеңишбек иним! «Качып кеттиңиз» деп, Ташиев экөөбүздү алмаштырып алган жоксуңбу? Ойлонуп көр. Сүйлөшүүнүн шартына ылайык, баарын ЭЛТР тартып жүрдү.

Кимдер Сузакка киргенин, «барымтадагы» кыргыздарды телевизордон көрсөтүштү.Ташиевдин ордуна облпрокурорду кошуп, Сузакка мен жалгыз кеттим. Жети кыргыз үй-бүлөгө жолуктук. ЭЛТР ушул боюнча маалымат берди.

Андан ары өзбек тараптын талабы менен Абдыкаар ажы менен Бегабадда чек арага качып барган 10 миңдеген өзбектерге барып жолуктук. Үйлөрүнө кайтуусун өтүндүк. Бир өкүлүн өзүмдүн машинама салып келип, Жалал-Абаддын борборундагы эл тараганын көрсөттүк. Мунун далилдери, күбөлөрү да бар. Камчы иним чыныгы «баатыр» болсо, муну танбас.

3. «Ошондо Сизди 1-жолу жана акыркы жолу көрдүк» дейсиң. Жоок, иним. 2013-жылы К. Ташиев досуң түрмөдө жатканда «Телтору» ат майданында досуңду коргоп, элдик курултай өткөрдүк. Ошондо бир жолуктук.

2014- жылы жазында «Эл үнү» саясый коомдук уюмдун демилгеси менен Кербенде жана Ош шаарында элдик курултай өткөрмөк болдук… Бийлик «Канга тойбогон кузгундарды келтирбегиле! Таш бараңга алгыла!» деп жатты.

Оштогу Курултайга жооптуу К. Ташиев эле. Кербенде жолугуп, анан, артынан, Ошко жөнөдүк. Жолдо Камчы инимди жоготуп жибердик. Бишкектен барышкан делегеттарды токтотуп, мен үкөмдү издеп жүрүп, акыры, сенин кафеңден дагы бир жолу жолуктук.

«Ошто элдик курултайга даярдык жок. Борбордук аянтта 3000 күч кызматкери жатат» дедиңер. Биз аргасыз артка кайттык.

Жеңиш иним! Ошондо сенин чайханаңдын жанындагы мейманкананы көрсөтүп: «2009-жылы ушул мейманканадан Атамбаевдин командасын бир сары келин кууп чыккан» десем, сен күлүп, «Аке! Ошол сары келин менин аялым болот. Аны Акмат Бакиев «Эмне үчүн буларды жаткызасың? Айдап чык!» деп кыйнаган болчу» дегенсиң.

Муну айтканым: биз ушундай шартта да жолукканыбызды эсиңе салам. Күбөлөр тирүү. Аман болсок, дагы жолугабыз.

4. «К. Бакиевдин байлыгын ээлеп калуунун аракетин кылып жүргөнсүз», «Атайын операцияга деп, акчаларды чыгыштап, банктардагы ячейкаларды, … Ак үйдөгү сейфтердеги миллиондогон акчаларды алып» ж. б.у.с.

Бакиев, Атамбаевдин «обончуларынын» эски ырларын ырдаганыңа жол болсун! Же Сегизбаевдин эски кагаздарын досуң сага бердиби? Бакиевдин, Батыровдун ж.б. үй-мүлкү, ячейкалардагы, Ак үйдүн сейфтериндеги акчалар мамлекетке соттун чечими менен алынды.

«Кустурбайчылык» бизде болбогон. Кудай ошондон сактасын! Ишенбесең, айрым депутат коллегаларыңан сура. Алар да сурак беришкен. Материал кылмыш иштердин ичинде сакталуу. Сот, прокурор, тергөөчүлөр тирүү.

5. «К.Байболов менен Кара Алма деген жерде кой жеп, арак  ичип жүргөн кезиңерде… Батыровду чыккынчылык кылып чыгарып жибердиңиз» депсиң. Батыровду ким колдогонун, ким чыгарганын, чын эле жалал-абаддык болсоң, менден жакшы билишиң керек эле да, муну жазбайт элең. Батыров Бекназаров кураторлук кылган тергөөчүлөрдөн качты. Силерден качкан жок. Жалаанын да чеги болуш керек, үкам.

6. «Эгерде туура эмес болсо, кан кечкен элден сурайбыз. Силер эркек болсоңор, Жалал-Абадга, элдин алдына, келгиле, И. Исаков экөөңөр! Элдин алдына чыга албайсыңар, духуңар жетпейт! Себеби, силер 100% күнөөлүсүңөр» деп баса белгилепсиң.

Жеңишбек укам!

Бизге күнөөнү койгуч сен эмессиң! Жалал-Абаддын эли сенин менчигиң эмес. Жалал-Абадда сенин чындыгыңдан башка чындык менен жашаган эл бар. Алар 2005-жылы 4-мартта Жалал-Абадда элдик бийлик орнотушканда, мен алар менен болгом. 15-мартта элдик губернатор шайлашканда, Акаевдин сүрөтүн өрттөгөндө да алар менен болгом.

2009-жылы Бакиевдин обончулары сага окшоп, «Жалал- Абадга киргизбейбиз!» дегенде да, сенин мейманканаңа жатып, эртеси Барпы атанын атындагы театрдын алдында эл менен жолуккам.

2010-жылы апрель айында сен пеш кылган Бакиевдер Жалал-Абадда качып жүргөндө, анан Кыргызстанды экиге бөлүп да болсо, Ошто отуруп бийлигин жүргүзмөкчү болгондо, Ошто элдин арасында болгом.

Июнь окуясы башталган күнү да Ошко баргам. 2011-жылы июнь окуясынын бир жылдыгында да Жалал-Абадда болгом.

2013-жылы Камчы досуң камалганда да, бийликтин кысымына карабай, эки жыйынга катышкам. Азыр да колумда бир жакшы маарекеге чакыруу бар. Кааласам, барам. Кудай мени улуттар аралык жаңжал менен же ошондой маселе менен Жалал-Абадга баргандан сактасын! Жалал-Абадда сенден башка, сенин «ПКАСС» чыларындан башка да эркин, баатыр эл бар.

Аягында сага айтаарым, Жеңишбек үкам!

Шайлоочуларың сени «Элге керектүү мыйзам жазсын. Элдин көйгөйүн көтөрсүн» деп шайлаган. Президенттин айланасына «кызмат кылсын» деп шайлаган эмес.

Кымбатчылыкты, аны азайтуунун жолу боюнча мыйзам жаз, маселе көтөр. Кен байлыктардагы, Кумтөрдөгү ызы-чуу боюнча маселени, чек ара маселесин көтөр! Булар депутаттын ыйык милдети болот. Камчы иним сен экөөбүзсүз деле өзүнүн баатыр экенин далилдеп алат.

Мен «улуттук жаңжал менен эч ким баатыр болбош керек» деп дүйнөлүк тажрыйбанын принцибин айттым. Камчыга көрүнүп калайын деп, чындыкты ала качпа, үкам! Сага андан мүйүз чыкпайт!

Эдил деген иним!

Менин депутаттарга чек ара маселесиндеги «Өткөндөн сабак алышсын» деген кайрылуумдан кийин өзүнүн соцтүйүнүнөн «Предупруждение самому Бекназзрову. 20 лет назад из-за Вас проливалась кровь Аксы, но, тогда народ был наивен и доверчив. Время показало кто есть кто. Сегодня попытки дестабилизации и разжигания, особенно по вопросом гограницы, обречены на провал!» дептир.

Эдил иним өткөн жылдагы Баткендеги кандын төгүлүшүнө, андан кийин токтобой, улам улам чек ара тилкесинде болуп жаткан дестабилизацияга да мен күнөөлүүмүнбү?

«Кылыбыз кыйшайбайт» деп жүргөн парламентке барып, депутаттардын «ат» деген суроосуна «эшек» деп жооп берип жүрүшкөн ПКАССчылардын күнөөсү жокпу? 

Элди «но, тогда народ был наивен и доверчив» дегидей, сен кимсиң? 

Ошондогу Турсунбек Акун, А. Абдрасулова, Т. Исмаилова, Р. Дырылдаевге окшогон укук коргочуулардын баары, сенден башкасы, ОБСЕ окшогон эл аралык уюм, Аксынын эли «наивен и доверчив» болгонбу, же баатыр болгонбу?

Аксыдагы канды ким төккөнүн, эмне үчүн төгүлгөнүн далилдешип, бүткүл дүйнөгө эбак жарыялаган.

Жарандык активист Ш. Назаркулов саясый өлүмдүн туу чокусун көрсөтүп, өз өмүрүн кыйганын унуттуңбу? Бүгүн алар мекенчилдик сезимди ойготкон баатырлар катары жыл сайын эң жогорку деңгээлде эскерилет.

Мен эмне үчүн депутаттарга кайрылдым?

«Убагында биздин муун кетиргендей ката кетирбесин, кыргыздын каны менен сакталып келген кыргыз жерлери Акаевке окшогондордун айынан четинен коңшу өлкөлөргө кете бербесин» деп, эски депутат катары эстерине салдым.

Чек ара, Ата Мекен эмне экенин билбеген, түшүнбөгөн сага эмне? Жарым бутуң Европада. Каалаган күнү Акаевге окшоп, «жылт» коёсуң...

Иним!

Жакында Р. Отунбаеванын БУУнун чечими менен Афганистанга баратканын да «президентибиз С. Жапаров чечти» кыязында билдирүүң, өткөн жылы Кумтөр алтын кенин «Кыргызстан захватил» деп, Лондондогу бир басылмага берген маегиң менен кимге жардам берип жатам деп ойлойсуң?

Сен ойлойт окшойсуң, «Ушинтип эле президентке жаккан сөздөрдү айта берсем, кыйратып жатам» деп. Сен президентти сүйлөгөн сөзүң, жүрүш-турушуң менен кайсыл жакка түртүп баратканыңды билесиңби?

Кыргыз эли сага окшогондордун сөзүн элес албайт. Анткени, сөз баккан эл. Мени эскертпей, сүйлөгөн сөздөрүңдү, оболу, өзүң түшүнчү, анан ирээттеп алчы, иним! 

Сиздерге агалык урматым менен, Азимбек Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости