www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Азимбек мырза, жаңы конституциянын кабыл алышына каршы болгон топ эмнегедир Венециялык комиссиясынын корутундусун айтып, катачылыкка жол берип жаткандай сүрөттөй башташты. Негизи эле Венециялык комиссиянын сунуштарын эске алууга милдеттүүбүзбү? Эмнеге анын корутундусун айтып, коркуткандар көбөйдү?

- Венециялык комиссиянын, башка эл аралык уюмдардын, өзүбүздүн саясий уюмдардын, инсандардын сунуштары да азыр кечигип калды. Себеби, долбоор элге чыкты. Жалпы Кыргызстандын эли гана 2021-жылдын 11-апрелинде баш мыйзамыбызды кабыл алат же четке кагат. Үч ай бою Конституциялык кеңешме иштеп сунуш бергиле дегенде, алар кайда жүрүштү эле... Дегеле эл аралык уюмдардын сунушу, корутундусу биз үчүн милдеттүү эмес. Рекомендация күчүндө болот. Венециялык комиссия менен коркутушкандар, аны кайра-кайра айтып жаткандар, ошол батыштын уюмунун саясатын Кыргызстанда жүргүзүп жаткандар эле. Аларсыз деле кыргыздар миң деген жыл жашап келген. Алар бизден үйрөнө турган мезгил жетти. Мисалы, башкаруунун түрүн элге тандатууну бизден үйрөнүшсүн...

- Эми Венециялык комиссиянын айтканын угуп, аларга карап түздөнүшүбүз керекпи?

- Алардын корутундусун айрым батышчыларга эле кереги тийбесе, кыргызга кереги деле жок. Ал комиссияда иштегендер, «мына иш кылып жатабыз» - дешип өз донорлоруна отчёт бергенге эле керек.

- Айрым ММКлар жаңы Конституциянын долбоорун колдогон депутаттарды, башкаларды «кошаматчы» катары жарыялап жатат. Буга эмне дейсиз?

- Мен да окудум, «Азаттыктын» бир журналисти кырктай Жогорку Кеңештин депутаттарын «2016-жылы Атамбаевдин ЖКга жана Премьер-министрге көп ыйгарым укук берген Конституциясын колдошкон, эми ошолор эле Жапаровдун президенттик башкаруусу бар Конституциясын колдошту» - деп сүрөттөрү менен чыгарыптыр. Талаш жок чындык айтылган. Бирок адилеттик үчүн 2016- жылы жана азыркы Конституциянын долбооруна да каршыларды ошентип чыгарып койсо жакшы болмок. Мисалы 2016- жылкы Конституциянын долбооруна Текебаев-Мадумаров атайын штаб түзүп, курултай өткөрүп катуу каршы турушкан. Мен да каршы болгом. Курултайда Р. Жээнбеков модератор болгон. Азыр байкасам азыркы Конституцияга да алар каршы экен?! Мен колдоп жатам.

Анткени, муну эл чечти, элдин тандоосун сыйлап жатам. Алар эмне үчүн анда бийлик ЖКга жана Өкмөткө көп берилип, президенттин укугу чектелген 2016- жылкы Конституцияга да каршы болушуп, эми болсо президентке бийлик көп берилген азыркы Конституцияга да каршы болуп жатышат? Алар элдин тандоосуна да каршы болушууда. Негизи аларга анда кандай Конституция керек деген ой туулат. «Азаттык» сындаган депутаттар кандай гана Конституция болбосун колдой берери жөнүндө айтылса, анда беркилерди да жазуу керек эле, кандай гана жаңы Конституция болбосун ар дайым каршылар» - деп. Ошондо акыйкаттык болмок.

Булак: «Майдан кж»

Последние новости