www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бийликти басып алуу максатында массалык баш аламандык уюштурууга аракет кылган деп айыпталып, СИЗО-1де камакта отурган саясатчы Азимбек Бекназаров Президент Садыр Жапаровго ачык кат жазды.

"1. Урматтуу президент, сизди жана бардык момун мусулмандарды ыйык Рамазан айы менен куттуктайм! Мусулман өлкөлөрүндө, элдерде, рамазан айында бардык мусулмандар жараткан жалгыз Кудайдын алдында бирдей экенин далилдешип урушкандар жарашып, таарынышкандар табышат.

Кетирген, жасаган күнөөлөрү, каталары үчүн Кудайдан, бири-биринен кечирим сурашат. Бийликтегилери көтөрүмдүүлүктү, кечиримдүүлүктү көрсөтөт. Букаралары ага моюн сунат.

Жан дүйнөм менен салттуу мусулманчылыкты карманган мусулман болгонум үчүн ыйык Рамазан айынын 1-күнү ата-салтындагы аксакалдык милдетимди аткарып, сиздин улуу даражаңызды сыйлап, ушул катым менен кайрылып жатам!

2. Кемпир-Абад маселеси де-юре, де-факто биротоло чечилди. Ал түбөлүк өзбектерге берилди. Эми бизди – Кемпир-Абадчыларды түрмөдө кармоонун кимге, эмнеге кереги бар?

Биздин үстүбүздөн жасалма козголгон кылмыш ишти 37 тергөөчү, ондогон оперкызматкерлер, эксперттер тергешип, биздин эки сааттык тынч чогулушубузду кантип кылмышка айлантууга 6 айдан бери алектенишүүдө. Жок нерсе жок. Ал эч качан бар болбойт. Биздин чогулушта кылмыш окуясы же ага даярдык көрүү болбогон.

Мамлекеттик күчкө салып Конституция менен КЖПКнын ченемдерин одоно бузуп “жабык”, “онлайн” сот отурумдарында “соттотуп салабыз” деген “шайтандарды” укпай, Рамазан айында адилеттүүлүктү көрсөтүп, мыйзамсыз 5 айдан бери түрмөдө жатышкан Кемпир-Абадчыларды бошотуңуз!
Мындан ары Кемпир-Абадчыларды мыйзамсыз түрмөдө кармоо, анан соттоо өзүңүз айткан Кыргызстанды өнүктүрүү үчүн биримдикке, ынтымакка чакырган саясатыңызга карама-каршы келет!

Аны ыңгайлуу учурду күтүп, азырынча “пауза” кармап жатышкан ички жана тышкы айрым саясий күчтөр өтө кылдаттык менен пайдаланып жатышат, дагы пайдаланышат.

Кемпир-Абадчыларда деле намыс, урук-тууган, дос, жакын тарапташтар бар. Биз сынган жокпуз, жаштарыбыз такшалып жатышат. Эгерде маселе сүйлөшүү, тынч, мыйзамдуу жол менен чечилбесе, соттон сотко чейин тажрыйба топтоп, өз укугубузду мыйзам чегинде коргоп алууга духубуз, билимибиз да жетет.

Анткени мыйзамдар, адилеттүүлүк биз тарапта.

Бирок, ишти ырбаттатуунун өлкөбүзгө, элибизге, сизге, бизге кереги барбы? Эрегиштен эрлер өлгөн. Эч ким пайда таппаган!
Кемпир-Абадды өзбекке бергендердики туурабы же ага каршы турган биздики туурабы, тарых өзү таразалап алсын!
Аны бийликтин сотуна эмес, тарыхтын, мезгилдин сотуна бергенибиз туура болот!

3. Кыргызда сөз бар “Ашууда ат алмаштырбайт” - деген. Азыркы сиздин команданы көрүп туруп, сизге мен: “Ашууга жакындап калдыңыз, “аттарыңызды” алмаштырыңыз” деген кеңеш берем.

Жакында сиздин чет өлкөдө мурдагы президенттер жана алардын тарапташтары менен “бир муштумга бириккениңизди” жарыялагандан кийин, көпчүлүк “аттарыңызга” бул идеяңыз жакпай калганы билинип калды.

Ошондон кийин эки жарым жыл сиздин арабаны сүйрөгөн “аттарыңыздын” өз ара ынтымагы, биримдиги кетти. Муну заманбап тил менен айтканда бийликтин кризиси башталды дейт. Мындай көрүнүш мыйзам ченемдүү болчу. Анткени сиз мамлеккеттик башкарууда өз жолуңузду таппаганыңыз, ал жолду өз “аттарыңыз” менен баспаганыңыз тууралуу мен мурда нечен жолу жазгам.

Сиздин “аттарыңыздын” көпчүлүгүн “мурдагылар” минип жооруткан же жаңы мингич кылып үйрөткөн, колдон колго өткөн “аттар”.

Айрым өзүңүз тапкан “аттарыңыз” эки жарым жылда “сүтү да, күчү да жок” “бычмал” ат экенин көрсөтүштү.

Мурдагыларды “бир муштумга бириктиргениңизди” көрүп, айрым “аттарыңыз” мурдагы кожоюндарына жолугарын ойлоп жалтаңдап калса, айрым өтө “семирип” сиздин орунду мелжеп калгандары да ойлоно түштү.

Сиздин айланаңыздагы “аттарды” сууга чөкпөс, отко күйбөс ПКАССчылар (профессионал, кошоматчы, алдамчы, саясий сойкулар) деп атап жүрбөйлүбү?! Алар чынында эле ошондой!

Акыркы 15 жылда ПКАССчылар Кыргызстанда эң күчтүү саясий күчкө, социалдык катмарга айланышты. Эл президенттерди Ак үйдөн кууп чыкканга күчү жетти. Бирок ПКАССчыларды улам жаңы келген президенттердин жанынан кетире алган жок. ПКАССчылар реалдуу бийлик, байлык ээлери! Ар бир шайлоодо бийликтин жаңы партияларын, депутаттарын жаратышат. 30 жылдан бери бийликтин күчү жетпеген кыргыз коррупциясынын аталары, энелери, балдары да ушул ПКАССчылар. Бардык президенттердин коргоосунда жүрүшөт! Алар кимдер экени деле белгилүү.
 
Урматтуу президент, бийлик ашууңузда ПКАССчылардын аттарын атап, алардан Кыргызстанды тазалап, элге, Кыргызстанга соопчулук кызмат кылыңыз. Ошондо Кыргызстан өнүгөт! Элдин ынтымагы, биримдиги күчөйт. Мыйзамдуулук орнойт! Ал эми сиз болсо Кыргыз тарыхында башкы люстрачы катары каласыз!

Ошон үчүн ыйык Рамазан айынын 1-күнү “Ашууда “аттарыңызды” алмаштырып алыңыз” – деп кайрылып жатам.

Орозо кармагандардын орозосу кабыл болсун!", - деп жазган Бекназаров.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости