www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Францияда өткөн түнү пенсиялык реформага каршы үзгүлтүксүз митингдер кайрадан чоң башаламандыкка айланып, 150 полиция жарадар болду. Чыныгы көчө мушташтары Бордо, Леон жана албетте Париждин көчөлөрүндө болду, деп билдирет MIR 24.

Демонстранттар укук коргоо кызматкерлерине таш жана бөтөлкөлөрдү ыргытышты. Ал эми полиция көздөн жаш агызуучу газ менен жооп берди. Ички иштер министрлигинин маалыматы боюнча, борборго миңдеген бейбаштар атайын шаар четинен келишкен.

Парижде эле бир күн мурун 200дөй киши кармалган. Эске салсак, тополоң пенсия курагын 62 жаштан 64 жашка көтөргөн жаңы мыйзамдын айынын болуп жатат.

Өлкөнүн башка шаарларында да бир топ ызы-чуу болду. Митингчилер автоунааларды, велосипеддерди, таштанды челектерин жана башкаларды өрттөштү. Ал эми Бордодо мэриянын имараты өрттөлдү. Ошол эле учурда бир нече өрт өчүрүү бригадалары пенсия реформасын жокко чыгарууну жактаган активисттерге да кошулган.

Ал эми Франциянын алдыңкы профсоюздары келерки аптада дагы массалык нааразылык акцияларын өткөрүүгө чакырды. Дата 28-мартка белгиленди. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости