www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Азимбек уулуна мүмкүнчүлүк берсин

Жылдар эмес, күндөр өткөн сайын өмүрдүн чети кертилип кете берет. 2000-жылдары Азимбек Бекназаров кырктан эми өткөн кылычтай курч мезгили болчу. Ошондо Акаевдин бийлигине каш кагып, камалган. Аксы окуясынын чордонунда болгондуктан эркиндикти самаган күнөөсүз жердештери окко учушкан. Андан бери карай жыйырма жылга чукул убакыт өттү. Учурда Азикең пайгамбар жашына келген чагы. Бирок, дале болсо бир койчолук алым бар деген сыпатта саясаттын катыгын катыра берип келет.

Арийне, эки ыңкылапты баштан кечирип, чукул кырдаалда башкы прокурорлук кызматты эңип алып, кайра ээрден шыпырылып, эмкиде акылдуу жүрүштөрдү жасайм деген ниеттеги кишинин уулу Руслан жакында ак үйдүн ичинен орун тапты. Аккан арыктан суу агат болдубу, же өзүнүн дарамети ушуга туура келдиби, айтор ага жогору тараптан кызмат берилди.

Демек, Бекназаровдордун улуусу мындан аркы кадамдарын абайлап жасашы керек болуп калдыбы деген суроо кыйгачынан берилээри турган иш. Себеп дегенде оң тарабына сокку берсе Русланга доо кетет, сол тарапка чабуул жасаса “кошоматчылыгын” карматып жатат деген кеп тарайт коомчулукта. Ошондуктан калыстыкты карманып, андан көрө уулунун келечегине кам көрүшү ылайыктуу десек болчудай. Же чунаңдаган адатына салып жиберер бекен?

Адамда болот ар кыял, ал кыялды ким тыяр деген макал жөн жерден айтылбаган шекилди…

Булак: Ачык сөз

 

Последние новости