www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык укук коргоочу Азимжан Аскаровдун жубайы Хадича Аскарова Бириккен Улуттар Уюмунун расалык басмырлоо маселелери боюнча комитетине кайрылды. Өткөн аптада ал комитеттин Женевада өткөн сессиясына катышып сөз сүйлөдү. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Аскарова “Ал кандуу окуялардан бери сегиз жыл өттү. Баарын эмоциясыз жана калыс карап чыгууга жетиштүү мезгил болду. Каталарды моюнга алып, оңдоого убакыт келип жетти. Баарыңардан менин күйөөмдүн жана ойдон чыгарылган айыптоолор боюнча катаал жазага туш болгон ондогон башка адамдардын иши боюнча акыйкатты калыбына келтирүүгө көмөктөшүүнү суранам” деди.

Бир ай мурда Аскарова президент Сооронбай Жээнбековго кайрылып, Аскаров жана аны менен кошо соттолгон жети адамдын ишин көз каранды эмес эксперттердин кайра кароосуна жөнөтүп, мыйзам бузуу аныкталса иликтөөнү башка тергөөчүлөргө жана чечим чыгарууну башка сотторго берүүнү суранган, мүмкүн болсо Аскаровго мунапыс беришин өтүнгөн.

Азимжан Аскаров "Базар-Коргондогу 2010-жылдагы кандуу калабаны уюштурган" деп соттолуп, өмүрүнүн аягына чейин эркинен ажыратылган. Прокуратура жана сот органдары анын күнөөсү далилденгенин айтышкан. Эл аралык коомчулук ал куру доомат менен негизсиз камалганын билдирип жүрөт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости