www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкекте күрөш боюнча Азия чемпионатынын (U23) жыйынтыгында улуттук курама 2-орунду ээледи. Бул тууралуу Дене тарбия жана спорт департаментинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, турнирде Кыргызстандын эркин күрөш боюнча курама командасы 2 алтын, 3 күмүш жана 2 коло медалга ээ болуп, жалпы эсепте 168 упай менен 2-орунду ээледи. 175 упай менен Казакстан 1-орунду, 145 упай менен Индия 3-орунду ээледи.

Белгиленгендей, 23 жашка чейинкилер арасында Кыргызстандан 10 салмак категорияда жалпы 10 балбан күч сынашкан.

Эркин күрөшү боюнча курама команда улук машыктыруучу Руслан Маджинов жана башкы машыктыруучу Ислам Тазабековдун жетекчилиги алдынды мелдешке катышышты.

Эске салсак, 10-18-июнь аралыгында Бишкекте 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында күрөш боюнча Азия чемпионаты өттү.

Белгилей кетсек, Азия чемпионаты 17 жана 23 жашка чейинки спортчулар арасында Дүйнө чемпиондугуна тандоо туру болмокчу. 17 жашка чейинкилер арасында дүйнө чемпионаты 31-июлдан 6-августка чейин Стамбулда, ал эми 23 жашка чейинкилер арасындагы дүйнө биринчилиги 23-29-октябрда Финляндиянын Тампере шаарында өтөт.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости