www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Балбан Мээрим Жуманазрова Жапониядагы Азия оюндарында коло медаль утту.
Ал 68 кг чейинки салмак ченинде күч сынашты.
Биринчи беттеште кыргызстандык спортчу өзбекстандык атаандашын таза жеңиш менен утуп, жарым финалда Түндүк Кореянын өкүлү менен кез келди. Курч беттеш 1:1 эсеби менен аяктап, акыркы аракет үчүн жеңиш кореялык спортчуга берилди.
Жуманазарова коло медаль үчүн Түштүк Кореянын өкүлү менен күрөшүп, жеңишке жетти жана жыйынтыгында 3-орунду ээледи.
Бул медаль Кыргызстан үчүн учурдагы Азия оюндарындагы тогузунчу медаль болду — 1 алтын, 1 күмүш жана 7 коло.