www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстандык спортчу Нурзат Нуртаева Кытайда өтүп жаткан Азия оюндарында жарым финалга чыкты.

Ал эркин күрөш боюнча турнирге 68 килограммга чейинки салмак ченинде катышууда. Буга чейин бул салмакта Мээрим Жуманазарова катышып, бирок Сербияда өткөн дүйнө чемпионатында жаракат алып, алмаштырылган.

21 жаштагы Нуртаева Азия оюндарында 1/4 финалдан баштап, казакстандык Елена Шалыгина менен беттешти. 2023-жылы Нур-Султанда өткөн Азия чемпионатында 36 жаштагы казакстандык кыз коло медаль үчүн күрөштө Мээрим Жуманазарованын мурдун сындырып алган.

Нуртаева курч кармашта 8:7 эсебинде жеңишке жетип, жарым финалга чыкты.

Булак: NazarNews.kg 

 

Последние новости