www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Тажикстандын Куралдуу күчтөрүнүн аскердик контингенти Жамааттык коопсуздук боюнча келишими уюмунуна (ЖККУ) мүчө өлкөлөрдүн «Бузулбас боордоштук-2023» биргелешкен машыгуусуна катышуу үчүн Кыргызстанга келди. Бул тууралуу Коргоо министрлиги кабарлады.
Тажик аскерлери Кант шаарындагы авиабазага конуп, Балыкчыга жөнөп кетишти.
Коргоо министрлигинин маалыматында, машыгууга Беларусь, Казакстан, Россиянын аскерлери дагы катышат. «Бузулбас боордоштук-2023» 9-13-октябрда Балыкчыдагы «Эдельвейс» окуу борборунда өтөт.
Министрлик машыгуу «Тынчтыкты сактоочу операцияны даярдоо жана жүргүзүү» деп аталып, өздүк курамдардын тажрыйбасын өркүндөтүүнү көздөрүн белгилейт.
Белгилей кетсек, былтыры Кыргызстан октярь айына пландалган ЖККУнун «Бузулбас боордоштук-2022» аскердик машыгуусун өз аймагында өткөрүүдөн баш тарткан. 14-17-сентябрда Тажикстандын агрессиясынан кийин Жогорку Кеңештин депутаттары тажик аскерлерин машыгууга катыштырбоону талап кылышкан.
Кыргызстандын Куралдуу күчтөрү 2022-жылдын 11-октябрында Тажикстанда өткөн «Рубеж-2022» аскердик машыгуусуна дагы катышкан эмес.
Булак: NazarNews.kg