www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Аскарбек Жаныбеков айыл чарба тармагын итке мингизди

Айыл чарба министрлигин жоюп эле салган оң окшойт. Бюджетке пайда болмок. Ансыз деле дыйкан-фермерлерге жарыгы тийген жери жок. Статистика менен алектенген министри баш болгон беш миң жатып ичерди, баккандан өлкөгө, элге эле зыян. Миллиарддаган каражат сарпталат. 

Мына министр Аскарбек Жаныбеков калпты-чынды койгулаштырып тажатты. Айыл чарба тармагы өлчөөсүз зыян тартты. Дыйкандар чыгымга учурады. Түшүмдүүлүк кыскарды. Ак төөнүн карды жарылган күздө инфляция өсүп, кымбатчылыктын коңгуроосу кагылып жатат. Министр отурат мурдун балта кеспей. 

Мына айталы, жада калса дыйкан-фермерлерге өндүргөн товарларын сатууга шарт түзүп бергенге жарабай койду. Казакстан башы ооруган каалаган кезде чек арасын ар кандай шылтоо менен жабат. Ансыз да аз түшүм алган дыйкан-фермерлер калган азыктарын чек арада чиритип, эки ирээт чыгым болуп жатат. Эң кур дегенде ушул маселени оңдуу жолго коюп бере албады. 

Анан уялбай "быйыл жаан-чачын аз болду, суу өз убагында жетпей, түшүмдүүлүк азайды" деп алакан жайып отурат. Ал аз келгенсип тоют жок, эми араң антикризистик сунуш берип, ар бир продукцияга прогноз жасап жатканын саймедиреп акыл айтууда. 

Баарын айрандатып коюп, статистикалык божомолду божурап отурганыңдан элге, өлкөгө пайдасы канча деп сураган жан жок. Алдын ала абалды кылдат анализдеген божомол, маркетингди туура уюштуруу министрлик тарабынан жолго коюлбагандыктан, жылыга тигил же бул продукциядан банкрот болгондор көп. Мына дыйкандар картошка, чесногун сата албай отурушат. Министрлик миллиарддап акча бөлгөн класстерлер деле өзүн актаган жок. Таанышы барлар миллиарддаган үстөгү жок, же үстөгү өтө аз, жеңил насыяларды алышып, өздөрү эле байып жатышат. Карапайым эл, мамлекет пайда көрбөдү.

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости