www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайда келин ооруп калган баланы сактап калуу үчүн үйлөнүү тоюн үзгүлтүккө учуратты. Окуянын видеосун Newsflare жарыялады.

Интернетке тараган видео 3-октябрда Шаньси провинциясынын Люйлян шаарында тартылган. Салтанаттын жүрүшүндө күйөө баланын иниси коноктордун биринин кичинекей кызынын дене табы көтөрүлүп, тырышып калганын билдирген.

Келин дароо даярдыктарды токтотуп, балага жардам берүүгө шашылган. Кыз педиатрия бөлүмүндө медайым болуп иштегендиктен эмне кылууну билген. Ал нымдуу сүлгү менен кыздын температурасын түшүрүп, андан соң келген дарыгерлерге өткөрүп берген. Баланы ооруканага жаткырууга туура келген.

Окуядан кийин кыз медициналык билими бар адамдар кандай болгон күндө да адам өмүрүн сактап калышы керектигин айткан. «Менин үйлөнүү тоюм күтө алат. Баланын өмүрү, ден соолугу биринчи орунда», - деген ал.

 

Булак: NazarNews.kg 

Последние новости