www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Улуттук коопсуздук комитети ар кандай топтордун 72 мүчөсүн кармаганын комитеттин басма сөз кызматы билдирет.

«5-октябрда Улуттук коопсуздук комитети ички иштер органдары менен биргеликте Башкы прокуратуранын координациясы менен Жетысу, Жамбыл жана Түркстан облустарында бир эле учурда атайын операция өткөрдү. Жыйынтыгында топтун 72 мүчөсү тергөө амалдарына киргизилди. Алар мыйзамсыз курал-жарак жана баңгизаттарды сактоо, опузалап акча талап кылуу, мыйзамсыз миграциялык каналдарды уюштуруу жана башка оор кылмыштарды жасаган деп шектелүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Белгиленгендей, топтор төмөнкү чек ара аймактарында иштешкен:

Кытай – «Хоргос» чек ара кызматташтыгынын эл аралык борбору;

Өзбекстан – «Жибек Жолу» өткөрүү пункту;

Кыргызстан – «Кордай Авто» өткөрүү пункту.

Тинтүү учурунда курал-жарак, ок-дарылар, акча жана баңгизаттар алынган.

Улуттук коопсуздук комитети Казакстандын үч облусунда ири уюшкан кылмыштуу топторду кармоо башталганын маалымдаган. Иш-чараларга атайын бөлүктөр жана техника тартылган.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости