www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кытайдын түштүгүндөгү Гуанси-Чжуан автоном районунда жайгашкан Дэтянь шаркыратмасында туристтик Эскалатор бузулуп, бир адам каза болуп, дагы 60 адам жаракат алды. Бул тууралуу социалдык тармакка водопад шаркыратма жайгашкан парктын администрация башкармалыгы билдирди.

Трагедия 10-август күнү кечинде болгон.

Администрациянын маалыматы боюнча, туристтер өйдө көтөрүлгөндө  шаркыратманы көрүү үчүн колдонулган эскалатордун жабдуулары иштебей калган.

"Кырсыктан бир турист каза таап, дагы 60 турист жаракат алды. Алардын бири оор, калган 59у жеңил", - деп айтылат администрациянын маалыматында.

Окуядан кийин окуя болгон жерге дароо куткаруу жана өрт өчүрүү кызматтары келип, жаракат алгандарга медициналык жардам көрсөтүшкөнү белгиленет.

Дэтянь-шаркыратмасы Кытай менен Вьетнамдын чек арасында жайгашкан.

Бул Азиядагы эң чоң шаркыратма.

Дүйнөдөгү шаркыратмалардын ичинен чоңдугу боюнча төртүнчү орунда турат.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости