www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Министрлер кабинети Париждеги (Франция) Олимп оюндарында байгелүү орунга ээ болгон спортчуларга акчалай сыйлыктарды көтөрдү. Маалыматты Министрлер кабинетинен тастыктады.

Ага ылайык, спортчулар эми күмүш медаль үчүн 10 миллион сом, коло үчүн 7 миллион сом алышат.

Белгилей кетсек, Парижде өткөн Олимпиаданын жыйынтыгында Кыргызстандын курамасы 6 медаль утту. Эки күмүш медалдын ээси - Мээрим Жуманазарова жана Мунарбек Сейитбек уулу.

Ал эми коло медалдарды Айсулуу Тыныбекова, Жоламан Шаршенбеков, Акжол Махмудов жана Үзүр Жузупбеков алышты.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости