www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бишкек – Чалдыбар жолунда автоээнбаштык жасаган айдоочуларга айып салынды. Бул тууралуу Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Белгилей кетсек, буга чейин социалдык тармактарда той кортеждеринин унаалары жолду тороп, автоээнбаштык кылуу менен бара жаткан видео тасма тараган.

Аталган факты боюнча Чүй облусунун жол тескөөчүлөрү тарабынан Бишкек – Чалдыбар унаа жолунда жолунда башка айдоочулардын жүрүү кыймылына тоскоолдук жараткан эки Toyota Camry, "Чынган EV-460" жана "Тойота RV-4" үлгүсүндөгү жалпы төрт унаанын айдоочулары кармалды.

Натыйжада КР Укук бузуулар кодексинин 189-беренесине ылайык, ар бир унаанын айдоочуларына 15 миң сомдон айып пул салынып, унаалар убактылуу айып короо жайына киргизилди.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости