www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Азиз Аалиев Жакынкы Чыгышта, Борбор Азияда, Түркияда, Афганистанда жана Пакистанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча консультациялык кызматтар боюнча аймактык менеджер Мунир Ферози жетектеген Эл аралык каржы корпорациясынын (IFC) делегациясы менен жолугушту.
Жолугушуунун жүрүшүндө кызматташуунун актуалдуу маселелери, анын ичинде мамлекеттик-жеке өнөктөштүк форматында энергетика тармагындагы долбоорлорду иштеп чыгуу маселеси талкууланды.
Азиз Аалиев белгилегендей, Кыргыз Республикасы энергиянын кайра жаралуучу булактары тармагындагы долбоорлорду өнүктүрүүгө умтулат жана IFC жардамы менен кубаттуулугу 100 МВт күн электр станциясын куруу боюнча пилоттук долбоорду ишке ашырууга кызыкдар экендигин белгиледи. Анын айтымында, энергиянын кайра жаралуучу булактарын ишке киргизүүдөгү кошуна мамлекеттердеги ийгиликтүү долбоорлордун оңдуу тажрыйбасын колдонуу маанилүү.
IFC өкүлү Мунир Ферози энергетика тармагындагы долбоорлорду ишке ашырууда мындан ары карай кызматташууга даяр экенин билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар мындан аркы маселелерди иштеп чыгуу боюнча жумушчу топ түзүүнү макулдашты.
Булак: NazarNews.kg