www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бүгүн, 17-мартта Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (“Кыргыз Республикасындагы жол кыймылы жөнүндөгү” мыйзамга, Укук бузуулар жөнүндө кодексине, Салыктык эмес кирешелер жөнүндө кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору үчүнчү окууда каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин басма сөз кызматы билдирди.
Жыйында белгилегендей, мыйзам долбоору аркылуу жеңил унаалардын алдыңкы эшиктеринин айнектерин караңгылатууга мыйзамдуу түрдө уруксат берүү каралууда.
Талкуу маалында депутат Эмил Жамгырчиев мыйзам долбоорунда мүчүлүштүктөр бар экенин белгилеп, кайрадан экинчи окууда комитеттин кароосуна жөнөтүү керектигин кошумчалады.
“Бюджетти толтурууну көздөп жатканыңар менен алдыңкы эшигинин айнегин караңгылатып алып, мыйзам бузгандарга жол ачып жатасыңар. Ошондой эле жарандарды экигө бөлүп, акчасы барларга айнектерин караңгылатып алуусуна өбөлгө түзүү менен айрым айыптардан кутулуусуна мүмкүнчүлүк берген турасыңар”, – деди депутат.
Ал эми депутат Жанарбек Акаев “Жол кырсыгынан бир жылда канча адам каза болот? Алардын канчасы жаш балдар” – деген суроолорду узатты.
Ички иштер министринин өкүлү былтын 7437 жол кырсыгы катталганын маалымдап: “Кырсыктардын кесепетинин 868 киши каза болуп, 11357 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында 114 жаш өспүрүм бар”, – деди.
Өз кезегинде Жанарбек Акаев бул улуттук трагедия экенин белгилеп: “Ким айнегин караңгылаткысы келет? Айылдагы дыйкандар эмес, акчасы бар, жол тандастарды айдагандар караңгылатат. Айнегин караңгылатып алып, телефондон сүйлөшөт, каалаганын кылат. Бир болбогон каражат табабыз деп, дагы жүздөгөн кырсыктарга себеп болбошубуз керек. Андыктан мыйзамга толук каршымын”, – деди.
Талкуудан соң мыйзам долбоору добуш берүүгө жөнөтүлдү.
Булак: NazarNews.kg